
Кочкор-Атада КР чемпионатынын I, II лигасынын командаларынын арасында футбол боюнча турнир өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» стадионунда КР чемпионатынын I, II лигасынын командаларынын арасында футбол боюнча ЖАОФФ президентинин кубогуна арналган турнир өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук футбол федерациясынын президенти Кубанычбек Эгембердиев билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, бул турнирди өткөрүүнүн максаты – командаларды КР чемпионатынын 2-айланпасына даярдоо, Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун бекемдөө, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, футбол чөйрөсүн даңазалоо, өнүктүрүү, достукту жана өз ара түшүнүүчүлүктү бекемдөө, улуу (клубдук) футболду даңазалоо жана пропагандалоо болуп саналат.
Чемпионатты өткөрүү жана уюштурууну Жалал-Абад облустук футбол Федерациясы жетекчилик кылат. Турнирге Жалал-Абад облусунун бардык район, шаарларынын командалары катыша алат. Ар бир командада легионер 3 оюнчу ойнойт. Командалар матчка лицензиясы жок эле катыша алышат. Турнир 19-22-сентябрь күндөрү өткөрүлөт. Командалардын келүүсү 18-сентябрдан башталып, чүчү кулак тартуу 19-сентябрда саат 10:00 дө Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» стадионунда болот.
Оюндун узактыгы: 2 тайм 40 мүнөттөн болот. Оюндар айланма түрүндө ойнотулат. Жеңүүчү бардык оюндардан топтолгон упайлары боюнча аныкталат: жеңүүчүгө – 3 упай, тең болгон учурда – 1 упай, жеңилгенге – 0 упай берилет. Эки же андан ашык командалардын упайлары тең болуп калган учурда төмөндөгүдөй бааланат:
- Жеңиштин эң көп саны боюнча;
- Өз ара оюндардын жыйынтыгы боюнча;
- Эң жакшы киргизген жана киргизе албаган топ үчүн;
- Топтун эң көп санда киргизген саны боюнча;
- Жребий боюнча.
Эки сары карточка алган оюнчу же талаадан чыгып кеткен оюнчу, оюндан чыгат, тартип комиссиясынын чечими чыкканга чейин кийинки оюндардын мелдешине катыша албайт. Жобого негиз, билдирилбеген же квалификациясынан ажыраган футболчусу бар команда 0:3 эсебинде жеңилет (поражение болот). Жогорудагы эреже бузууну кайталаган команда мелдештен чыгарылат. Турнирдин бир оюнуна катышкан команданын оюнчусу турнир учурунда башка команданын эсебинде ойной албайт. Командаларга оюнчуларды турнир учурунда билдирүүгө жол берилбейт. Оюн учурунда командалардын катышпай калгандыгы үчүн 0 : 3 эсебинде мелдештен чыгарылат.
Ал эми «Президенттин Кубогу» турнирине катышуу взносу эки миң сом. Турнирде 1,2,3-орунду ээлеген командалар кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен чемпионаттын эң мыкты оюнчулары сыйланышат.
Турнирдин иш-кагаздарын даярдоонун тартибине ылайык, билдирүү баракчасына 16 футболчу жана машыктыруучусу кирет. Билдирүү команданы сунуш кылган жетекчилик тарабынан бекитилиши жана дарыгердин визасы коюлушу керек. Жетекчинин жана дарыгердин мөөрүсүз команда оюнга киргизилбейт.
Футболчулардын жана команда жетекчилеринин жоопкерчилиги: бардык катышуучулар атаандашты жана күйөрманды сыйлоо менен жогорку уюшкандыкта Жободо көрсөтүлгөн оюндун шарттарын жана эрежелерин аткарууга, сактоого милдеттүү. Командаларды сунуш кылган официалдуу адамдар турнирдин матчын камсыз кылуучулардын - калыстардын аракетине аралашууга тыюу салынат, өзүнүн жана оюнчуларынын тартибине өтө жоопкерчиликтүү болушу талап кылынат. Регламенттеги шарттардын бузулуусу же башка чыр маселелер уюштуруу комитетинин отурумунда чечилет.
Уюштуруу комитети: ЖАОФФ
Телефону: 0773 73 47 73
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23
Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...
Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...
СПОРТ 2016-05-14 09:30