KELECHEK
rek

Түндүк Корея Жапон деңизи тарапка үч баллистикалык ракета учурду

Түндүк Корея Жапон деңизи тарапка үч баллистикалык ракета учурду

Түндүк Корея Жапон деңизи тарапка үч баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Сыноолор Кытайда өтүп жаткан G20 саммитинин акыркы күнүнө туура келүүдө. Саммитке өзөктүк курал түзүү программасынан улам Түндүк Кореяны эл аралык изоляциялоону колдогон көптөгөн дүйнөлүк лидерлер катышууда.

Ракеталарды учуруу - БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу болуп эсептелет. Түштүк Корея ММКларынын билдиришинче, ракеталарды сыноо Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе жолугушкандан көп өтпөй эле ишке ашырылган. Кытай Түндүк Кореянын башкы дипломатиялык өнөктөшү болуп эсептелет.

Кытай лидери Пак Кын Хени Түштүк Кореяга америкалык абадан коргонуу системаларын орнотуудан сак болуусу керектигин эскертти. Сеул өкмөтү алар Түндүк Кореянын ракеталык чабуулдарынан коргонууга гана арналганын билдирүүдө.

Корей жарым аралындагы чыңалуу Түндүк Корея ракеталары менен атомдук куралдарын сынап баштагандан соң күчөгөн.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52