KELECHEK
rek

“Жалал-Абад Тазалык” ишканасы өндүрүштө болгон кырсыкты жашырып, сол бутунан айрылган Шамшарбекке жардам бербей келет(ФОТО)

“Жалал-Абад Тазалык” ишканасы өндүрүштө болгон кырсыкты жашырып, сол бутунан айрылган Шамшарбекке жардам бербей келет(ФОТО)

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчусу Талипбек уулу Шамшарбек 2016-жылдын 25-февралында А.Икрамов көчөсүндө күндүзгү саат 12-13 чамасында таштанды жыйнап жатканда бөөдө кырсыкка кабылып, натыйжада ал сол бутунан айрылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн жыйында 2-топтогу майып, 21 жаштагы Шамшарбек журналисттерге өзү айтып берди.

- 2016-жылдын 25-февраль күнү күндөгүдөй жумушка чыгып, А.Икрамов көчөсүндө күндүзгү саат 12-13 чамасында мен таштанды алып жаткамын, мен ары карап турсам, машина арты менен келе жаткан. Мен да, айдоочу да көрбөй калып, дубалдын бурчуна кысып койду. Мен өзүмдү жоготтум. Көзүмдү ачсам реанимацияда экемин. Натыйжада айдоочу Рыспаев Мирлан аркылуу Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилгемин. Алган жаркатым оор болгондуктан, ошол замат оорукананын дарыгерлери тарабынан эки ирет операция жүргүзүлүп, сол бутумду кесип салышкан. Ооруканага ишкананын механиги келип: “кырсык иште эмес, үйдө болгон” деп жаз деди, болбосо акең камалып кетет дешти. Айдоочу акем камалып кетсе, мени ким карайт деп ойлонуп, “кырсык үйдө болду” деп алар жазышты, мен кол коюп бердим. “Иште болгонун айтпасаң, кайра жумушка алам деди жетекчим”, - дейт Шамшарбек.

“Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын таштанды ташуучу автоунаанын айдоочусу Мирлан Рыспаевдин айтымында, 25-февраль күнү кадимкидей эле ишке чыгышып, биринчи каттамды жүктөшкөн. Түшкү тамактануудан кийин, А.Икрамов көчөсүнүн №20 үйүнө келгенде автоунаанын алдыңкы жагы менен кирүү ыңгайсыз болгондуктан, арты менен айдап кирип жатып, авто унаанын арт жагында турган жумушчу Талип уулу Шамшарбекти байкабастан, авто унаанын арт жагы менен сол бутун дубалдын бурчуна кысып койгон.

- Көчөнүн узундугу 300-400 метрдей бар болчу. Автоунаанын арты менен кирип, таштандыларды алып жатканбыз. Жол тар жана чаң болчу аябай. Жумушчулар Кочкоров Султан менен Шамшарбек ар бир үйдүн тушуна барганда, “айда, токто” деп айтып турушкан. Сол жактагы арткы күзгүсү даана көрсөтөт да, оң жактагы күзгүсү алыс кылып көрсөтөт, арткы жагын жакшы көрсөтпөйт. Ошол убакта Султан Кочкоровду көргөмүн жамбашында турган. Бирок, Шамшар көрүнбөгөн, карап-карап акырын айдап жаткамын. Бир убакта эле, машинамдын арты тык этип дубалга тийип калды. Алдыга жылдырып эле, чуркап түшсөм, Шамшар кыйкырып жатыптыр, “бутумду кысып алдың” деп. Ал ошол учурда бурчтан таштанды алып жаткан экен. Заматта эле, Шамшарды ооруканага жеткирдик, ооруканага жетпей жатып, ишкананын инженерине чалып, баланы ооруканага алып кеткенибизди айткамын. Ооруканага ишкананын башкы механиги Абдыкадыр Досуев, техника коопсуздугу боюнча адис Ахат Тажибаев экөө келишип, эмне болгондугу боюнча сурашты. “Сен өзүбүздүн унаа басып калды десең суракка оң болот. Болбосо, ишкананын машинасы экспертизадан өтүшү керек. Өзүңөрдүн машинадан кырсык болсо, эч кимди эч ким эч нерсе кылбайт” – деп бизди алдашты. Биз алардын айтканындай кылып түшүнүк каттарды жазып бердик. Алданганыбызды кеч билип жатабыз. Эми ойлосок, чындыкты жашырып, үкама бериле турган жеңилдиктерден кол жууп калган экенбиз, - деди М.Рыспаев.

Ал эми ишкананын жумушчусу Султан Кочкоровдун берген маалыматына караганда, 25-февраль күнү эртең менен жумушка чыгаардан мурун нарколог дарыгерден текшерүүдөн өтүшкөн.

- Эртең менен текшерүүдөн өткөндөн кийин, адаттагыдай эле иштеп, таштандынын биринчи каттамын төгүп келгенбиз. Анан түшкү тамакты ичип, жакшынакай эле иш алып барып жатканбыз. А.Икрамов көчөсүнө машина алды менен кирсе, кайра бурулуп чыгып кетиши өтө кыйын, ал жер өйдөлүш жана тар болгондуктан, машинаны арты менен алып келгенбиз. Машинанын арты менен келип, мен бир капталында, Шамшар бир капталында келе жатканбыз. Түшкү убакытта күн чагылышып калат да, шопурга да арткы жакты кароо кыйын болсо керек. Ар бир тормоз бергенде, жолдогу топурактар буруксуп, бозоруп арты көрүнбөй калат. Мени айдоочу Мирлан көргөн да, бирок Шамшардын артта турганын байкабай калып, дубалга кысып койгон. Машина дубалга барып такалганда эле, Шамшар кыйкырып-бакырып калды. Анан биз аны алып, ооруканага жеткирдик. Операцияга жарым сааттан кийин алып кирди.

Кырсык болгондон жарым саатка жетпей, ооруканага келген ишкананын механиги А.Досуев менен коопсуздук боюнча башкы адиси А.Тажибаевге узун тупик көчөгө киргенде кырсык болгондугун толугу менен түшүндүргөнбүз. “Силер азыр ишкананын машинасы менен дубалга кысылып калды десеңер, ГАИ келет, көптөгөн иштер болуп кетет. Өзүбүздүн машинада болду десеңер бул иш эртерээк жана оңой бүтөт”, - деп бизди алдашты. Биздин сабатсыздыгыбыз болду. Мени чекеге чыгарып алып, “Мирлан камалып кетет”, - деп айтты. Мен ойлодум, Мирландын 4 баласы болсо, бул камалып кетсе, Шамшарды ооруканада ким карайт. Үчөөбүз үч бир туугандын балдарыбыз. Туугандар болгондуктан, Мирлан камалбай калышын кааладым. Шамшарды ооруканада бирөө карашы керек болчу. Биз алардын айтканына ынандык. Ошентип айткандан кийин эле, милиция кызматкерлери келишти. Биз шоковый абалда болгон үчүн калтырап жатып жооп бердик. Алар биздин айтуубуз боюнча жаза башташты. Биз үчөөбүз авто унаа оңдоп жаттык эле, Мирландын машинасы болчу. Мирлан үйүнө кирип кеткен, мен жанында турган болчум, домкрат түшүп, Шамшардын бутун басып калды десек, “кана машинаңар, машина ошол жерде калдыбы? – дешти. Биз даректи айттык. Алар дарек боюнча барышып, машинаны көрүп, бир да тамчы кан жок экен го? Эмне жалган айтасыңар? - деп телефон чалып айтышты. Ошол боюнча милиция кызматерлери кызыккан да жок, ал калып кетти. Менимче жогор тараптан аларга кысым көрөтүлүп, токтотуп койсо керек, - деген оюн Султан Кочкоров билдирди.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Элдияр Төрөкулов бул иштин ачыгына чыгаруу аракетин көрө баштаганда, ишкананын жетекчиси Төлөн Бакиров анын кызмат ордун кыскартуу боюнча маселени шаардык кеңештин сессиясына коюп, депутаттардын жардамы менен бул иштин бетин ачууга бөгөт койгон. Элдияр Төрөкуловду кырсык болгондон 5 күн өткөндөн кийин, 1-мартта эмгек эргүүсүнө кетирип, андан кийин анын кызмат ордун “бюджетти үнөмдөө” максатта деген шылтоо менен шаардык кеңештин 15-марттагы сессиясынын токтому менен кыскартууга жетишкен.

Ошентип, Төлөн Бакиров жетектеген “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери өндүрүштө болгон бөөдө кырсыкты жаап-жашырып, алдоо жолу менен “үйдө болгон кырсыкка” айландырып, көз көрүнө чындыкты бурмалашкан. Бул тууралуу жетекчинин мурдагы орун басары Элдияр Төрөкулов маалымат жыйында төмөндөгүчө түшүндүрмө берди:

- Чындыгында, бул окуя катталган. Биринчи жолу биздин кызматкерлерге маалымат бергенде механик А.Досуев жана техникалык коопсуздук боюнча адис Ахат Тажибаевге телефон чалып, билдирилген. Бирок, 4-5 күн аралыгында бизде жашыруу болгон. Биздин көзөмөлдөөчү Диларам Арапбаевага ошол А.Икрамов көчөсүнүн домкому чалып, баланын акыбалын сурагандан кийин, булар 4-5 күн ишке келбей калгандан кийин, профсоюз уюмунун төрайымы Бурма Төралиева 5 адам биригип, жеринде текшерүүгө барганбыз. Буларды ооруканага барып көрдүк, жеринде болгон окуяны көрүү үчүн барсак, дубалда төгүлгөн кан, бурчунда турган темир кайрылып кеткен. Биз буларга келип айттык: “Мирлан сен бул ишти жашырба, эртең өзүнө кыйын болуп калат. Шамшарбекке мамлекеттен атайын төлөнүп берилүүчү жеңилдиктери бар. Сен төрт балаңды багасыңбы, же Шамшарды багасыңбы? – деп түшүндүрүп айттык. Буларды А.Досуев, Т.Бакиров, А.Тажибаевдер коркутуп коюшкан экен. Бизди укпай коюшту. Ишкананын жооптуу кызматкерлери баары эле билген. Юристи да кабардар болгон. Бирок, баш көтөрүп, каршылык көрсөткөндөр аз болуп калганбыз. Д.Арапбаева жеке өзү кирип, ишкана жетекчиси Төлөн Бакировго болгон окуяны айткан. Мага азыр айтып жатышат, “эмне үчүн билдирүү берген жоксун?” - деп. Мен отпускада жүрүп, билдирүү бере албайм да. Биринчиден, техника коопсуздугу боюнча адис ошол билдириш керек эле. Жакында 7-каналдан А.Тажибаев билдирүү берген эмесмин десе, механик А.Досбаев бул кырсыкты эми угуп жатам деп интервью берип жатышат.

Ал эми 2016-жылдын 9-мартында КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондук башкармалыктын “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасында болгон бөөдө кырсыкты атайын териштирүү боюнча буйругу чыгып, комиссиянын курамына А.Досуев, А.Тажибаев кирип жатат. Иликтөөлөр жүрүп, ошол иликтөөнүн жыйынтыгына А.Досуев кол коюудан баш тарткан. Жетекчи да баш тарткан. Кийинки иликтөөдө юрист М.Абдраимов кол коюудан баш тартууда. Мына ушул өндүрүштүк кырсыкты жашырып, жаш жигит Шамшарбектин тагдырына кайдыгер караган жетекчилерге ишеним артууга болобу?

Майыптык кагазына да Т.Бакиров 10-15 күн жүрүп, кол койбой жатып, араң кол койду. А.Досуев менен А.Тажибаевдин экотехинспекцияга берген түшүнүк каттары эки башкача болуп жатат. А.Тажибаев “кырсыкты 5 күндөн кийин чогулушта уктум” десе, А.Досуев “биз ооруканага кокустан эле барып калып, милиция кызматкерлерине түшүнүк кат берип жатканда билдик” – деп түшүнүк каттарды жазышкан. Бул жооптуу кызматкерлер чындыкты жашырып, эч нерсе болбогондой дале иштеп жатышат. Ал эми 7-8 миң алып иштеп келген Шамшар бир бутунан ажырап, жашарга жери жок, тамак таап жегенге акчасы жок, оор абалда калып жатат. Ошол маалда баш көтөрүп, чындыкты айтып койгондор кысымга алынып, айрымдары иштен айдалып, ишсиз калды. Мени өзүнүн кызмат орду үчүн пайдаланып жатат дешкендиктен улам, булар мени менен байланышпай коюшкан. Качан гана 4 ай өткөндөн кийин, мага чалышып, биз алданып калыптырбыз дешкенде, адамгерчилик үчүн гана жардам берип жатам.

Өзүмдүн кызмат ордумду мыйзамсыз кыскартышканы боюнча сотко кайрылып, арбитраждык соттон утуп алдым. Биринчиден, ишкана жетекчиси Т.Бакиров менин ордумду кыскартуу боюнча бир ай мурун мага эскертүү бериш керек эле, берген эмес. Экинчиден, мага төмөн жумуш ордун бербестен, профсоюз уюмунун чогулушуна салбай туруп, менин кызмат ордумду кыскартуу сунушун шаардык кеңештин сессиясына алып чыккан. Кечээ шаардык кеңештин кабыл алган токтомунун штаттык бирдиктерин кыскартуу бөлүгүн сот жокко чыгарып берди. Биринчи шаардык сотко да кайрылганымда, райондор аралык соттун чечимине карап, мен сага чечим чыгарып берем деп айткан. Эми шаардык сотко кайрылам. Шаардык сот да мыйзамдуу чечим чыгарып берет деген ишеничтемин. Менин кызмат ордум эмес, Шамшарбектин азыркы абалы мени өтө тынчсыздандырат. Шамшарга ооруканада жаткан мезгилдеги ишке жарамсыз баракчасына да 50 пайыз гана акчасын төлөп беришкен. Азыр эми эч кандай ишканадан жардам жок, - деди Э.Төрөкулов.

Ошондой эле, маалымат жыйынга катышкан ишкананын көзөмөлдөөчү Диларам Арапбаева эжеке жогорудагы окуяны 3-4 күн өткөндөн кийин домкомдун телефон чалуусунан кийин гана билип, окуя болгон жерди барып көргөндүгүн айтып берди. Анын айтымында, ага ошондогу кырсык боюнча  жашоочулар кеңири маалымат беришкен.

“Бул кырсык кокустуктан улам, болгондугун А.Икрамов көчөсүнүн жашоочулару мага айтып беришти. Окуя болгон жерде кан жайнап жатканын, кырсыктын издери сакталып калгандыгын өз көзүм менен көрдүм. Жетекчи Т.Бакиров өз учурунда жок болгондуктан, ага 2-3 күндөн кийин кирип, кырсык болгондугун айттым. Бирок, Т.Бакиров өндүрүштүк кырсык эмес, үйүндө болгон кырсык экендигин айтып, чындыкты атайлап уккусу келген жок. Анан мен жетекчинин орун басары Элдиярга айтып, безилдеп туруп алдым. Машинасы менен барып көрдүк, эч ким келбей жатат, жадагалса телевидение келбей жатат деп айттым. Ооруканага бардык. Ошол күндөн бери бизди кысымга алып келе жатат. Биздин барганыбызды видеого тартып алышыптыр. Ким тартып алганы белгисиз. Сен өзүңдүн арызың менен ишиңден кет деп жатышат. Планга жетпейсин деген шылтоо менен гана азыр ишиңден кет деп Медер кысым жасап жатат”, - дейт Д.Арапбаева.

Бул кырсыкты ачыкка алып чыгууга аракет жасагандардын арасында көзөмөлдөөчү Зарина Иманалиева да болгон. Аны ошол учурда ооруканага барып, Шамшарбектин абалынан кабар алгандыгы үчүн ишкананын жетекчилиги кысымга алып жатып, акыры иштен кетүүгө аргасыз кылышкан.

Акырында айтаарыбыз, бул маалымат жыйынга катышкандардын баары Шамшарбектин иш учурунда кырсыкка учурап, сол бутунан айрылганын бир ооздон айтып жатышат. Колдогу документтерде да Талипбек уулу Шамшарбек 2016-жылдын 25-февралында А.Икрамов көчөсүндө таштандыны алып жаткан учурда кырсыкка учурагандыгы боюнча экотехинспекция тарабынан АКТлар түзүлгөн. Ошого карабастан, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги бул кырсык өндүрүштө болбогондугун айтышып, айрым ЖМКга туура эмес маалыматтарды берип келишет. Жетекчи Т.Бакиров болсо, Шамшарбекке 70 миң сом сунуштап, экотехинспекциядагы арызын алып кой деген сунушун берген, бирок бир бутунан айрылган жигит буга макул болгон эмес. Бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан азырынча эч кандай баа бериле элек.

“Көк-Арт Инфо” маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24