KELECHEK
rek

«Панамагейт»: ICIJ материалдарында Дарига Назарбаеванын ысымы аталууда

«Панамагейт»: ICIJ материалдарында Дарига Назарбаеванын ысымы аталууда

Панамалык Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын 9-майда интернетке жарыялаган материалдарында «Dariga N. Nazarbayeva» жөнүндө сөз болот. Бул Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы жана Казакстандын вице-премьери Дарига Назарбаева болушу ыктымал.

Эл аралык иликтөөчү-журналисттердин маалымдашынча, Dariga N. Nazarbayeva 2007-2012-жылдары Британиялык Виргиния аралдарында катталган Asterry Holdings LTD оффшордук компаниясынын тең кожоюну болуп саналат.

Досьеде ошондой эле миллионер Сержан Жумашов, ENRC металлургиялык гигант Патох Шодиев, бизнесмен Маргулан Сейсембаевдин да ысмы аталган. Тизмеде Уругвайда катталган жана Masterton Management LTD компаниясынын тең кожоюну Эрлан Сагадиев да бар.

“Панамагейттин” алкагындагы алгачкы маалыматтар ушул жылдын апрелинен тарта ачыктала баштаган. Документтерде Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиевдин да фамилиясы жүрөт.

Айрым өлкөлөрдө “Панамагейттин” материалдарынын натыйжасында жогорку кызматтагы атка минерлер отставкага кеткен. Казакстанда болсо аталган маалыматтарга карата эч кандай жооп деле болгон жок.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...