KELECHEK
rek

“Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексте 1916-жылдагы "Үркүндө" курман болгондордун эстелик Мемориалы ачылды

“Ата-Бейит”  Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексте 1916-жылдагы

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-сентябрда “Ата-Бейит”  Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексте 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын ачуу аземине катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана КР Жогорку Сотунун Төрайымы  Айнаш Токбаева Мемориалдын борбордук композициясына өтүштү жана гүл коюшту.

Бир мүнөт унчукпай эскерүүдөн кийин гвардиячылар карабиндерден катары менен үч жолу залп атышты, андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.

Президент Алмазбек Атамбаев аземдин катышуучуларынын алдында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

 “Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!

Бүгүн кыргыз эли үчүн өзгөчө күн.

Бүгүн биз элибиздин жүрөгүн жүз жылдан бери оорутуп жүргөн, элибиздин мойнунда жүз жылдан бери жүк болуп жүргөн ыйык парзыбызды өтөп жатабыз.

Бүгүн биз жүз жыл мурда улуттук көтөрүлүштө, “Үркүндө” шейит болгондордун жаркын элесине арналган эстелик ачып жатабыз.

Кечирип койгула бизди, ошо каргашалуу окуяларда курман болгон аталар, апалар, кыз-жигиттер, наристелер, ымыркайлар!

Кечирип койгула бизди жүз жыл кечиккенибиз үчүн.

Кеч болсо да парзыбызды берип жатабыз. Кеч болсо да сиздерге куран окуп, жалпы элибиз таазим этээр эстелик ачып жатабыз.

Урматтуу мекендештер!

Кадырман калайык-калк!

«Арбак ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши оңолбойт» - дейт элибизде.

Биз 1916-жылдагы каргашалуу капсалаңда шейит болгондорду унутпашыбыз керек.

Ошол каргашалуу окуяда канча кыргыз окко учту жана мыкаачылык менен өлтүрүлдү... Үркүн учурунда ач бел, куу жондо канча кыргыз ит-кушка жем болду!.. Канчасы ачкачылыктан кырылышты!.. Канчалаган кырчын өмүрлөр бөөдө кыйылды...

Ак сакалдуу аталарыбыз азып-тозду... Ак элечек энелер ай-талаада калды, ашууларда аязга тоңду... Канчалаган наристелер төрөлө элегинде курмандыкка чалынды... Он гүлүнүн бири ачыла элек эчен кыздарыбыз, балдарыбыз жашабай жатып жайрады...

Ала-Тоонун койнунда эркин жашаган элибиз чоочун элге кор болду, бөтөн жерге тентиди...

Улутубуз, калкыбыз жер бетинен жок болуп кетүү коркунучуна кабылды...

Муну биз эч убакта унутпашыбыз керек!

Урматтуу мекендештер!

1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштө жана Үркүндө шейит болгондор Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөр менен бир катарда турушу керек.

Ошондуктан алардын жаркын элесине арналган мына бул эстелик "Ата-Бейитте" орнотулду. Бул 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ дегенди билдирет.

Ошондуктан өткөн жылдын башында Үркүндө набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө сактоо жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн өлкөнүн тарыхындагы жана кыргыз мамлекетинин курулушундагы татыктуу ордун аныктоо үчүн атайын Жарлыктар чыгарып, чечим кабыл алганбыз..

Мындан жүз жыл илгерки окуяларды эскерүү жана аларга акыйкат, калыс баа берүү максатында башталган бул иш жалпы элдик мүнөзгө ээ болду. Илимий чөйрө, жарандар, көптөгөн коомдук уюмдар, анын ичинде саясий оппозициячыл маанайдагы кыймылдар да, бул окуяны ачык-айкын талдаган эркин жыйындарды өткөрүштү.

Бүгүн болсо, ошол иштерди жыйынтыктап, бейкүнөө курман болушкан мекендештерибиздин жаркын элесине арналган эстелик мемориалды ачып жатабыз.

1916-жылдагы өтө чаташкан окуяларга жык толгон тарыхты талкуулоо учурунда ар кандай пикирлер айтылды, талаш-тартыштар болду. Бирок кыргыз эли өзүнүн бийик рухун, табияттан бүткөн сабырдуулугун көрсөтүп, толеранттуу калк экенин дүйнө жүзүнө дагы бир жолу далилдеди.

Элде сабырдуулук болсо, өлкөдө биримдик, берекет болот. “Сабырдын түбү – сары алтын!”- деген сөз бар элибизде.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз ачып жаткан Мемориалдын долбоору боюнча атайын Комиссия түзүлүп, анын иши эки жылга созулган. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр болуп скульпторлор Ажиев С. Б., Огобаев М.К., архитектор Бейшембаев У. А. табылган.

Өзүңөр көрүп тургандай, каргашалуу окуянын элестери боз үй, түндүк, уук жана үзөнгүлөр аркылуу берилген. Көчмөн кыргыз эли үчүн бул буюмдардын, бул сөздөрдүн чоң мааниси бар. “Үзөңгүлөш”, “үзөңгүсү үзүлдү”, “үзөңгүсү бош калды” дегендин маанисин ар бир кыргыз түшүнөт.

Мен да Комиссиянын чечими туура болгон деп эсептейм. Куруучулар да күнү-түнү иштеп, долбоорду убагында жүзөгө ашырышты.

Авторлор жана куруучуларга элибиздин атынан ыраазычылык билдирем.

Урматтуу мекендештер!

Курулуш жарым-жартылай бүтүп калганда Мемориалга эмне сөздөр жазылат деген маселе чыгып калды. Аны эч ким ойлобоптур. Авторлор да, Комиссия да. Бир нече күн талкуулап, алдыңызда турган алты сапка токтодук.

Бул алты сап ыр кыргыз элинин байыркы тарыхын да, келечекке үмүтүн да камтып турат. Төрт сабы эски кыргыз эл ырынан алынган.

-Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,-

деген саптар байыркы кыргыздардын убагында дүңгүрөп, ак калпактарды кийип алып, дүнүйөгө жамгыр болуп төгүлүп, жоо-душмандарды кырып, кыргыздардын Энесайдан Тянь-Шанга чейин жайылган Улуу Кыргыз Каганатын курган мезгилин көрсөтсө,

- Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз,-

деген саптар кыргыздардын Каганаты урап, андан кийин Кыргыз мамлекети да жок болуп, элибиз Шиберден Кытайга чейин чачылып, жамгыр күткөн чөптөй болуп, жалаң үмүт менен жашап калган мезгилин көрсөтөт.

Кыргыз элибиздин кырылып, жок болуп калууга чейин барып такалган каргашалуу күндөр, Үркүн трагедиясы

- Кырылып бара жатып тирилдик биз,-

деген сапта камтылган.

Эң акыркы саптын сөздөрү:

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз!

Бул сөздөрдө кыргыз элинин келечекке жетүүнүн негизги шарты ата-бабаларыбыздын, Манас атабыздын эң башкы мурасы айтылган.

 Урматтуу мекендештерим!

Айланайын кыргыз элим! 

Кыргыз Каганаты ураганы кыргыздар ортосунда биримдиктин жоктугунун мыйзам ченемдүү натыйжасы болгон. Бул кылымдардан кийин элибиздин чачырап, алсыз болуп, аягында кырылып кала жаздаганына алып барган.

Элибиздин ынтымагы, биримдиги – биздин эң кымбат дөөлөтүбүз, келечекке алып бара турган тек жол. “Ырыс алды – ынтымак”, - деп акылман аталарыбыз тегин жерден айткан эмес.

Манас атабыз:

- Бөлүнбө, кыргыз бөлүнбө!

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.

Бөлүнүптүр кыргыз деп,

Бөтөн элге кеп кетет,- деп

бизге бекеринен айткан эмес да! Бул Манас атабыздын бизге айткан эң негизги мурасы да!

Эгер тарыхты карасак, кыргыздар качан эң күчтүү болушкан? Кантип Улуу Кыргыз Каганатын курган?

Кыргыздар эң оболу өздөрү бир болуп, анан ар кайсы этностордун башын кошуп, биримдикке келгенде  гана күчтүү болгон. “Кулаалы таптап, –  куш кылдым, курама жыйып – журт кылдым!”- деген Манас атабыздын сөзү ошондо айтылган.

Биз ата-бабаларыбыздын жана балдарыбыздын, келечек муундардын алдында мамлекетибизди жана эгемендигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Кудай бизге бирдиктүү, күчтүү, өнүккөн Кыргыз мамлекетин курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берди. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы.

Кыргызстан азыркы жолунан тайбашы керек. Кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, элибиздин биримдигин күндөн-күнгө бекемдеп, бир муштум болуп, бир күч болуп алга карай кетишибиз керек.

Кыргыз көчү эми эч качан биримдигин жоготуп, жолдон адашып, чачырабаш керек!

Урматтуу мекендештер!

Айланайын калайык-калк!

Баарыбыз бакубат, өсүп-өнгөн өлкөнү куруу үчүн тилектеш, максатташ бололу. Жергебизге келген жакшылыкты, ооматты улайлы. Биримдикти, ынтымакты сактайлы!

Тарыхтын татаал жолунда эчен-эчен сыноолордон өткөн Улуу Кыргыз урпактары экенибизди, биздин өлкөбүз кылым карыткан улуу тарыхка ээ экендигин терең сезип, кыргыздын Кызыл туусун бийик көтөрүп, улуттук ар-намысты ыйык сактайлы.

Биздин бир гана Мекенибиз бар.

Ошол жалгыз Мекенибиз үчүн, кыргыз жери үчүн, адилеттик, эркиндик үчүн курман болгон мекендештерибиздин эстелигине таазим кылалык. Алардын жаткан жерлери жаннат болсун, ыйманы жолдош болсун!

Элибиздин башына экинчи мындай караңгы күндөр түшпөсүн!

Жараткан элибизди ар кандай каргашадан, бөөдө кырсыктан сактасын!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12