KELECHEK
rek

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга барышы мүмкүн

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга барышы мүмкүн

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга барышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өкмөттөгү булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, Өзбекстан тараптан Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу расмий кабар келе элек. Буга байланыштуу өкмөт башчынын сапары тууралуу так айтылбайт. Эгерде Каримовдун дүйнө салганы жана качан жерге берилери тууралуу расмий кабар келип түшсө, анын тажиясына президент Алмазбек Атамбаевдин ордуна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барат.

Ошол эле маалда премьер-министрдин басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов өзбек лидеринин каза болгону тууралуу расмий маалымат жок болгондуктан, Жээнбековдун Өзбекстанга сапары тууралуу айтуу эрте экенин билдирди.

Өзбекстандын өкмөтү бүгүн эртең менен Каримовдун абалы өтө оорлоп кеткенин жарыялады. Айрым маалымат булактары Ислам Каримовдун каза болгонун кабарлашты. Каримовдун кичи мекени Самаркан шаарында президентти акыркы жайга узатууга камылга көрүлүп жатканы маалымдалууда. 

"Азаттык" үналгысы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12