Жалал-Абадда мамлекеттик тил боюнча кароо-сынак өтөт
Жалал-Абад шаарында жайгашкан укук коргоо органдарынын жаматтарынын арасында “Тилин сактаган – улут тарыхын сактайт” атуу кароо-сынак болуп өтмөкчү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын демилгеси менен шаар мэриясы атайын буйрук чыгарып, Мамлекеттик тилдин статусунун 27 жылдыгына жана “Маданият жана тарых жылына” карата ушундай кароо-сынак өткөрүү жагы чечилген.
Кароо-сынактын атайын иштелип чыккан жобосуна ылайык, кароо маалында ага катышуучулар 8 позициядан өздөрүнүн чеберчиликтерин сынашат. Мисалы, “Саламдашуу”, “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, “Элдик кыргыз ырларын ырдоо”, “Тарыхый окуялардан монолог айтуу”, “Улуттук бий бийлөө” сыяктуу номерлер менен кароонун катышуучулары улуттук баалуулуктарды, өнөрдү, тарыхты канчалык жакшы өздөштүрүшкөнүн көрсөтүшөт.
Кароо-сынактын укук коргоо органдарынын жамааттары арасында өткөрүлүшү мамлекеттик органдардын айрым тармактарында улуттук баалуулуктарды, мамлекеттик тилди тереңирээк сиңирүү, жайылтуу максатын көздөйт.
Кароо-сынакты жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн атайын уюштуруу тобунун курамы бекитилип, аны шаардын мэринин орун басары Турдалы Темирбаев жетектейт. Курамга маданият ишмерлери, айрым муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү киришкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18