Рахмон: Ислам кайра жаралуу партиясы жарандык согушка себепкер болгон
Азыр тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын демилгеси менен Тажикстандагы жарандык согушту молдолор баштаган. Бул тууралуу президент Эмомали Рахмон 1-сентябрдагы “Тынчтык сабагы” учурунда билдирди.
Рахмондун айтымында, саясий каатчылык, дүйнөнү бөлүштүрүүдөгү ири державалардын пикир келишпестиктери, диний согуштардын күчөшү жана көптөгөн ислам мамлекетиндеги жаңжалдар, үрөй учурган террордук актылар жер жүзүндөгү абалды ого бетер татаалдаштырды.
Тажикстан президенти терроризм жана экстремизмдин күчөшү менен миңдеген адам өлүп, көп өлкөлөр тынчтыкты унутуп, бейпайга түшкөнүн эскертти. Эмомали Рахмон өлкө али жарандык согуштун кесепеттерин унута электигин айтты. “Көз карандысыздыктын таңында ондогон бейкүнөө адамдар өлгөн. Өзгөчө Хатлон облусу жапа чеккен. Аймактын эли алигиче ошол апааттын зыянын тартып жатат”,-деди президент.
Эмомали Рахмон Тажикстандагы жарандык согушту Ислам кайра жаралуу партиясын кубаттаган айрым молдолор баштаганын баса белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









