Орусия өзүнүн «Паралимпиадасын» өткөрөт
Орусия кийинки аптада Бразилиядагы оюндардан четтетилген паралимпиадачылары үчүн эки күндүк мелдештерди өткөргөнү жатат. Орусиянын Паралимпиада комитетинин башчысы Владимир Лукиндин айтымында, мелдештер сериясы 7-8-сентябрь күндөрү Москва облусунда болот.
Орусияда мамлекеттик допинг-программасынын бар экени аныкталгандан кийин Эл аралык паралимпиада комитети орусиялык кураманы толугу менен мелдештерден четтеткен. Өткөн аптада Спорттук арбитраж соту ал иш боюнча апелляцияны четке каккан.
31-августта Швейцариянын жогорку соту тыюуну убактылуу алууну суранган Орусиянын Паралимпиада комитетинин өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан. Чечимде комитет антидопинг эрежелери боюнча бардык милдеттенмелерин аткарганын көрсөтө албаганы белгиленген.
Риодогу Паралимпиада 7-сентябрдан 18-сентябрга чейин өтөт. Орусиянын олимпиадалык курамасы Бразилияда 21-августта аяктаган оюндарга да аз жерден катышпай кала жаздаган. Жыйынтыгында жалпысынан дээрлик 120 спортчу мелдештерден четтетилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20