KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде Билим күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде Билим күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарындагы №1 Михаил Бабкин атындагы мектеп-гимназиясында бүгүн 1-сентябрь билим күнү белгиленип, окуучуларды жана педагогикалык жамаатты Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев баштаган жетекчилер куттукташты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев бүгүнкү 1-сентябрь билим күнү менен окуучуларды жана мугалимдерди куттуктоо менен аларга окуудагы ийгиликтерди каалады.

-Урматтуу окуучулар,мугалимдер! Бүгүнкү жаңы окуу жылынын башталышы - Билим күнү менен баарыңыздарды шаардын мэринин жана жеке өзүмдүн атыман кызуу куттуктаймын. Сиздердин мектебиңиздер шаардагы эң алдыңкы мектеп болуп келе жатат, муну баарыбыз билебиз. Бул мектептин окуучулары  облустук, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Мектебиңиздерде мындан ары да ийгиликтер көп болсун. Жакшы окуңуздар. Бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун! - деди Б.Жантөрөев.

Эскерте кетсек, быйылкы жаңы окуу жылында Жалал-Абад шаарында 24 мектеп иштеп жатат. Ал  мектептерге жалпысынан жаңы 3000 окуучу кабыл алынды. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30