KELECHEK
rek

Жер ортолук деңизде миңдеген мигранттар куткарылды

Жер ортолук деңизде миңдеген мигранттар куткарылды

Италия суучулдары тарабынан Ливиядан 20 чакырым алыстыктагы деңиз жээгинен алты жарым миңге жакын мигрант куткарылды. Эритрей менен Сомалиден чыккан качкындар адамга толгон жеңил кайыктар менен Европаны көздөй багыт алышкан.

Мигранттарды куткаруу операцияларына Италиянын деңиз жээгиндеги күзөтчү кемелери менен катар эле БУУнун гуманитардык миссиясынын катерлери да катышты. Associated Press агенттиги качкындар деңизге атайылап чыгышкан деп эсептеген миссия өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жазды.

Алар жеңил кайыктар менен Ливиядан Италияга жетүү мүмкүн эмес экенин билишет, ошондуктан деңизге чыкканда куткаруучулар келерин билишкен, деп белгиледи агенттик.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча быйыл жалпысынан 105 миң мигрант Жер ортолук деңиз аркылуу Италияга жеткен, дагы 2 миң 700дөйү жээкке жетпей мерт болушкан.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52