Өлкөдө террорчулукка каршы иш-чаралар күчөтүлөт
Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Бишкектеги элчилигинде болгон жардырууну иликтөөнүн жүрүшү тууралуу күч органдарынын жетекчилеринин маалыматын укту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окуянын чоо-жайын кылдат иликтөөнү тапшырды. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алмай болду.
Ошондой эле мамлекет башчы өкмөткө Бишкекте жана башка аймактарда террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү, маанилүү объектилерди, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү катуу кайтарууга алууну, эртеңки Эгемендик майрамына жана алдыдагы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту камсыздоону табыштады. УКМК элчиликтеги жардыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кечээ эртең менен Бишкектин Бакаев көчөсүндө жайгашкан кытай элчилигинде жанкечти өзүн жардырган. Ал "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү жардыргыч зат салынган автоунаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, катуу жарылуу болгон. Машине жана анын ичиндеги жанкечтинин денеси чачырап кеткен. Элчиликтин үч кызматкери жаракат алган. Жардырууну уюштурган адамдын ким экени азырынча белгисиз. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтөөдө.
Кытай ТИМи элчилигине кол салынганын айыптап, окуяны «ырайымсыз чабуул» деп атады. Кытай кыргыз бийлигин жардыруунун чоо-жайын кылдат иликтөөгө чакырды. Азырынча жардырууга жоопкерчиликти эч ким ала элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









