Вице-премьер-министр Ж.Разаков Жалал-Абадда үлгүлүү милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды
31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында Жалал-Абад ОИИОнын түзүмүндө (ОИИБнын өздүк курамы, СОБР, ККК ОБ, Жалал-Абад ШИИБмү, Атайын багыттагы полк (ПСН), Патрулдук милиция) салтанаттуу жүрүш (Горнизондук развод ) өттү. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, аларга кошумча ИИМдин ардагерлери, аялдар жана жаштар коому, элдик кошундар, милициянын жаш достору саптык тизмекте катарды толукташты. Салтанаттуу жүрүшкө КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагул Эгамбердиева, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Өздүк курамды вице премьер министр куттуктап, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана алардын коомдогу орду өзгөчө экендигине басым жасады. Ошону менен бирге айрым кызматтык милдеттерин так аткарган үлгүлүү милиция кызматкерлерине эл аралык жогорку даражадагы төш белги ыйгарды. Андан соң Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңиш Джоробеков өздүк курамга тапшырмаларды коюп, тиешелүү кайгулдоо багыттарына бөлүп, өздүк курамдын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусундагы салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.
Салтанаттуу жүрүштүн негизги максаты – майрам күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барышып, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоого, кылмыштуулуктун алдын алууга, ар кандай укук бузууларды болтурбоого жана элдин бепилдигин камсыздоого багытталган.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук абал тынч жана толук көзөмөлдө. Ал эми майрамдык иш-чаралар уланууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









