KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсүнүн ачылышы болду

Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсүнүн ачылышы болду

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында кеңейтилген борбордук Ленин көчөсүнүн ачылыш салтанаты болду. Бул салтанатка шаардагы бардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, шаар тургундары катышышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, өткөн 2015-жылы Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн биринчи этабы ишке ашырылып, шаар борборунда унаа тыгындары, орун алган башаламандык жоюлган жана жол кыймылынын коопсуздугу камсыз кылынган. Быйылкы жылы жолду кеңейтүүнүн экинчи этабы башталып, Ленин көчөсүнүн туурасы 12 метр келген 490 метр аралыгын 9 метрге кеңейтүү максаты турган.

Жаан-чачын убагында суу жолду жана тротуарды чайып кетпесин үчүн арыкчалар жасалып, аларга 218 даана лотоктор коюлду. Түнкү жарыктандыруу менен камсыз кылуу үчүн жол боюна 32 даана электр  түркүктөрү орнотулду жана чырактар коюлду. Андан тышкары 1800 метрге электр зымдары тартылды.

Жолго асфальт басуу иштерин муниципалдык жол башкармалыгынын жумушчу-кызматкерлери алып барышып, 4972 чарчы метр аянтка асфальт жаткарылды. 

Жолду кеңейтүүнүн бардык техникалык иштерине жергиликтүү бюджеттен 10 миллион 896 миң 900 сом каражат жумшалды. Бул максат үчүн каражат бөлүү иши депутаттардын шаардык кеңешинде каралып, депутаттар тарабынан жактырылып, жолду кеңейтүү иштерине 11 миллион 720,2 миң сом каражат бөлүү тууралуу токтом кабыл алынган.

Жол боюнда ар кандай инженердик, коммуникациялык байланыш жабдууларын кайрадан орнотуу иштери алып барылды. Айрыкча, жолду кеңейтүү маалында саркынды суу системасын орнотуу иштери кызуу жүрдү. Жалпысынан 275 метрлик саркынды суу түтүктөрү жаткырылды.

Жол иштери башталардан мурда жол боюнда жайгашкан айрым үйлөрдүн дубалдарын жылдырууга туура келген. Натыйжада жол боюндагы 41 үйдүн дубалдары жылдырылып, алардын ичинен бешөөсү муниципалдык аймакта тургандыктан аларга компенсация төлөнгөн жок. Ал эми калган 36 үйгө алдын ала түзүлгөн келишимдердин негизинде жалпысынан 4 миллион 250 миң 247 сом өлчөмүндө компенсациялар төлөнүп берилди.

Ошондой эле келишим боюнча ар бир үй-бүлө өз дубалдарын өздөрү бузуп, курулуш жүрүүчү аянтты таштандылардан тазалап берүүгө милдеттүү эле. Бирок, шаар бийликтери шаардын бул тургундарынын кызыкчылыгын коргоп, дубалдарды бузуу жана курулуш аянттарын таштандылардан тазалоо иштерин өздөрү жүргүзүштү.

Андан тышкары, шаар бийликтери бул иште социалдык абалы боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап, аларга жардам көрсөтүү иштерин алып барды. Натыйжада, 9 үй-бүлөгө шаардагы ишкерлердин салымы аркылуу шаар бийликтери дубалдарын акысыз тургузуп беришти.

Кеңейтилген көчөнүн ачылышы менен шаар мэри Салайдин Авазов жалпы шаардыктарды куттуктап, шаар тургундары мындай ийгилик үчүн шаар бийликтерине ыраазылык билдиришти. Салтанаттын аягында кеңейтилген көчөдө шаардагы мекеме-ишканалар майрамдык параддан өтүштү.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13