Жалал-Абад шаарында экинчи асма көпүрө курулуп жатат
Жалал-Абад шаарында экинчи асма көпүрө курулуп бүткөрүлүү алдында турат. Ал шаардын борбордук Ленин көчөсүндөгү унаа тыгындарын жоюп, жол кыймылынын коопсуздугун бекемдейт. Бул тууралуу шаар мэриясынан тийиштүү бөлүмдүн жетекчиси Миргүл Эгемова билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы Ленин көчөсүнүн борбордук бөлүгүндө унаа тыгындарын жана жөө атуулдардын башаламан кыймылын жөнгө салуу үчүн ушул көчөгө асма көпүрө курулган. Ошону менен шаардын борбордук бөлүгүндөгү көйгөй чечилген. Бирок, унаа тыгындары Ленин көчөсүнүн “Береке” базары бөлүгүндө пайда болуп, дагы жаңы көйгөй жаралган. Шаар бийликтери ал жерге да асма көпүрө курууну пландаштырышкан.
- Бул долбоорго шаардын бюджетинен 5 миллион 500 миң сом каралган. Азыркы учурда көпүрөнүн негизги каркастары жасалып, аны кураштыруу иши башталды. Буюрса, жакынкы убактарда шаардагы бул экинчи асма көпүрө пайдаланууга берилет, - дейт ал.
Эскерте кетсек, жыл башында шаар мэриясы калк арасында атайын сурамжылоо өткөрүп, шаардыктар асма көпүрө куруу зарылдыгын белгилешкен жана аны кайсы жерге куруу жагын да көрсөтүшкөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13