KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өрттө каза тапкан үч кыздын сөөгү жерге берилди

Жалал-Абадда өрттө каза тапкан үч кыздын сөөгү жерге берилди

Бүгүн Москвадагы өрттө каза тапкан Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Курулуш айылында Махигүл Азимжан кызы, Сузактын Кыз-Көл айылында Динара Раимкулова жана ушул эле райондун Лавдан-Кара айылында Айчүрөк Абдумаматованын сөөктөрү жерге берилди. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, маркумдардын тажыясына президенттик аппараттын башчысынын орун басары Аалы Карашев жана жергиликтүү жетекчилер катышты. Президенттин фондунан маркумдардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон акча тапшырылды.

Маркум Айчүрөк Абдумаматова Өзбекстанга турмушка чыккан. Бирок чек ара жабыктыгына жана документ иштери бүтпөй калгандыгына байланыштуу анын сөөгү өзү туулган жерге коюлду. Анын Өзбекстандагы кайын-журту да чек арадан өтүп келе алышкан эмес.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар. Жетөө Ош, үчөө Жалал-Абад облусунун тургундары. Дагы үчөө Ысык-Көл облусунун, бирөө Чүй өрөөнүнүн тургундары болчу.

Булак: "Азаттык" үналгысы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...