KELECHEK
rek

Кытай элчилигиндеги жардыруудан жакын имараттардын да терезелери сынган

Кытай элчилигиндеги жардыруудан жакын имараттардын да терезелери сынган

Кытайдын Бишкектеги элчилигинде бүгүн болгон жарылуудан бул имараттын айланасында жайгашкан үйлөрдүн терезелери талкаланган. Бул тууралуу үйлөрдүн биринин күзөтчүсү, окуяга күбө болгон Замир аттуу жаран "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жарылуудан кийин оттун жалыны отуз метрге чейин жеткен. Азыр вице-премьер-министр Жеңиш Разаков окуя болгон жерде жүрөт.

Маалыматка караганда, жанкечти "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү автонуаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, жардырууну жүзөгө ашырган. Натыйжада жанкечти түшкөн автоунаадан эч нерсе калган эмес. Анын чачырандылары гана калган, жанкечтинин денеси да бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Кытай элчилиги "Киргизия-2" районунда Бакаев көчөсүндө жайгашкан. Ал жакты кайтарган кыргызстандык күзөтчү башынан жаракат алган. Жанкечтиден башка курмандыктар жок. Брондолгон дарбаза жанкечтинин максатына жетишине тоскоол болгон.

Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматы жарылуудан үч адам жаракат алганын кабарлады.

"Азаттык" үналгысы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...