Украинадагы жаңжалды көркөмдөп тарткан сүрөтчү иштен айдалды
Украинанын коргоо министри Степан Полторак өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси, ыктыярчы жана сүрөтчү Дмитрий Муравскийди жумуштан бошотту. Мындай чечим кабыл алууга анын сүрөттөрүнөн улам келип чыккан чатак себеп болду.
"Орусиялык агрессияга каршы согушта, анын ичинде орусиялык пропагандага каршы күрөшүүдө Украина ар дайым компромиссиз чындык жана ачык-айкындуулук принцибин карманат”-деп айтылат министрликтин расмий билдирүүсүндө.
Сүрөтчүнүн айланасындагы жаңжал анын “Широкинодогу элдешүү” аттуу эмгеги украниналык социалдык түйүндөрдө вирус сымал тарагандан кийин пайда болду. Сүрөттө бутун кокустатып алган жолдошун көтөрүп, жарылуудан качып бара жаткан эки жоокер чагылдырылган. Алардын сол ыптасында кароосуз калган наристенин арабасы тартылган.
18 украин сүрөтчүсүнөн турган топ бул эмгек чыныгы жагдайда тартылганынан шектенип, жасалма катары кабыл алышкан. Алар автор сүрөт даректүүбү же көркөмдөлүп чагылдырылганбы ачык көрсөтүшү керек деп талап кылышууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53