Чаткалда мугалимдердин август кеңешмеси болду
Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын жыйынлар залында мугалимдердин райондук август кеңешмеси болуп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана мугалимдер катышты.
Район акими Канжарбек Эшалиев мугалимдердин август кеңешмесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондогу билим берүү тармагындагы аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолду.Аким К.Эшалиев белгилегендей, райондогу мектеп жана бала бакчалардын быйылкы утурумдук ремонт иштерине Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары тарабынан жалпы 12 млн. 693143 сом акча каралып берилген. Мында, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан А.Баймырзаев орто мектебинин кошумча имаратына 3 млн. 895724 сом, райондук музыкалык мектептин кошумча имаратына 2 млн. 978036 сом, “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна 2 млн. 618420 сом, Чакмак-Суу айылындагы “Ак Шоола”бала бакчасынын утурумдук ремонтуна 10 миң сом, “Наристе” балдар бакчасынын ремонтуна 30 миң сом, “Чебурашка” балдар бакчасынын утурумдук ремонтуна 30 миң сом, Башкы-Терек орто мектебине 50 миң сом, Чакмак-Суу негизги мектебине 30 миң сом, К. Акназаров орто мектебине 30 миң сом, Кайың-Суу орто мектебине 30 миң сом, С. Байдөөлөтов орто мектебине 100 миң сом, М. Исмаилов орто мектебине 100 миң сом, Ж. Ташкеев орто мектебине 30 миң сом, А.Айымбетов негизги мектебине 30 миң сом, А.Баймырзаев орто мектебине 30 миң сом, жалпысы 10 млн. 22180 сом ал эми, Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Терек-Сай орто мектебине 584450 сом, А. Чымканаев орто мектебине 554454 сом, Б. Камчыбеков орто мектебине 419934 сом, “Ай Нуру” балдар бакчасына 131650 сом, “Келечек” балдар бакчасына 805275 сом, “Бүчүр” балдар бакчасына 175200 сом, жалпы 2 млн. 670963 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Андан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, өткөн 2015-2016-окуу жылында район аймагындагы 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп, жалпы 19 мектепте 548 мугалим эмгектенишип, 4971 окуучу билим алышты. 11-классты 278 окуучу бүтүрүп, орто билими тууралуу аттестатка, 9-классты 313 окуучу бүтүрүп, күбөлүктөргө ээ болушту. 313 бүтүрүүнүнүн 173ү жогорку окуу жайларга, 43ү атайын орто окуу жайларына, 13 окуучу техникумга тапшырышты.
Республикалык жалпы тестирлөөгө район боюнча 237 окуучу катышып, жыйынтыгында 108 лкуучу 110 баллдан жогору, 10 окуучу 150-177 баллга чейинки көрсөткүчтөргө жетише алышты.
Өз билимин өркүндөтүү боюнча мугалимдердин потенциалдык денгээлин көтөрүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 11 тарбиячы, 2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору, райББнын 2 адиси, 11 мугалим, 2 соцпедагог, 5 усулдук бирикменин жетекчиси, жалпы 34 мугалим Жалал-Абад облустук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган курстук окуулардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.
Өткөн окуу жылында мектептерге сырттан бир топ инвестициялар тартылды. Атап айтканда, январь айында 5 мектеп “Дүйнөлүк азык Түлүк программасына” пландаштырылып, өткөрүлдү.
Райондон 6 мектеп МЕРСИКО уюму тарабынан пилоттук долбоордун алкагында ысык тамак менен камсыз болду. Бул долбоордун алкагында аталган мектептердин ашканалары толук ремонттон өткөрүлдү.
Өткөн окуу жылында жалпы мектепке чейинки билим берүү уюмдары айыл аймактарынын бюджетинен жана бейөкмөт уюмдардан эмеректер үчүн жалпы суммасы 8 млн. 654 миң 600 сомдук инвестиция тартышты. Мындан сырткары, 235 миң сомдук компьютердик жабдууларды алышты.
Жергиликтүү бийлик тарабунан алдыңкы мугалимдерге ардак грамоталар менен баалуу белектер берилди.
Кеңешменин соңунда, Чаткал районунун мугалимдеринин жана билим кызматкерлеринин райондук Кенешмесинин катышуучуларынын райондун бардык мугалимдерине, билим беруу кызматкерлерине жана коомчулугуна Кайрылуу кабыл алынды.
М.Эшназаров, Чаткал району.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41