Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан балдар үчүн Ошко кезектеги саякат уюштурулду
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы “Тарых жана Маданият” жылына карата жаш өспүрүмдөрдү «Мекеним менин-Кыргызстан» долбоорунун алкагында жана ЭККУнун кварталдык милиция долбоорунун менен биргеликте кезектеги саякаты Ош облусу жана Ош шаарында уланды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, 29-август күнү Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан балдар үчүн Ошко кезектеги саякат уюштурулду. “Анын негизги максаты – балдардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып берүү, келечекте жакшы билим алуусуна жана коомубуздун татыктуу жарандарынан болушу үчүн убактыларын туура пайдаланууга үйрөтүү менен биргеликте шарт түзүү болуп саналат. Бул болсо милиция кызматкерлеринин балдарга карата камкордук көрсөтүүсүнүн бир багыттары болуп эсептелинет”- деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жениш Жоробеков
Саякаттын алкагында 100 жаш өспүрүм балдарга алгач Өзгөн шаарындагы тарыхый мааниси зор мунарада болушуп, сапарын Ош шаарынын борбордук аянты менен Сулайман-Тоодон улашты. Андан соң , тарыхый баалуулуктарга кенен болгон Сулайман-Тоо тарых музейинде жана Алымбек Датка этнографиялык комплексинде да болушту. Жаш муундар Жалал-Абад облусунун баардык район шаарларынан келген. ЭККУ тарабынан даярдалган видео роликтер жана Ош шаарынын жаштары менен пикир алышуу орун алды. Ошондой эле бул иш-чарага Ош шаарынан да 30 жаш өспүрүм катышты.
“Саякаттын бардык мерчемделген мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болуп, көргөндөрүбүздөн улам патриоттук сезимдерибиз жогорулады. Андан сырткары милицияга болгон көз карашыбыз өзгөрүп, кыргыз жерине болгон сүйүүбүз артты. Мурун биз сүрдүү көргөн милициялар бизди өз баласындай көрүп, келечегибизди ойлогон камкор адамдар экен”,- деп билдиришти жаш саяктачылар.
Иш-чарага көмөктөшкөн Сулайман-Тоо музей комплексинин кызматкерлери милиция кызматкерлеринин бул багыттагы камкордуктарына күбө болушуп, эң туура жана балдар үчүн унутулгус саякат экендигин баса белгилешип, уюштуруучу жетекчиликке ыраазычылыктарын билдиришти.
Соңунда барган жаш өспүрүмдөргө сый тамак жана Милициянын жаш досу аталыштагы китептер, шириндиктер, белектер тартууланды.
“Эске салсак, жогоруда аталгандай саякаттар Жалал-Абад ОИИБнын “Мекеним менин-Кыргызстан” долбоорунун алкагында жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына уюштурулуп келет. Саякаттын жүрүшүндө балдар Жалал-Абад лагерлеринен тарта өлкөнүн кооз жерлерин кыдырып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө чейин барышкан”, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13