KELECHEK
rek

Түркмөнбашы өлкө жетишкендиктерин дүйнөгө жайылтууну күчөтүү талабын койду

Түркмөнбашы өлкө жетишкендиктерин дүйнөгө жайылтууну күчөтүү талабын койду

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөт жыйынында өлкөнүн жетишкендиктерин жайылтууну күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

«Биздин көз карандысыз мекенибизде өлкөнү таанылгыс кылып өзгөртүп жаткан укмуштуудай долбоорлор ишке ашырылууда. Элдин социалдык жашоо деңгээли жогорулап, жаңы шаарлар, айылдар пайда болууда, ири көпүрөлөр, аба майдандар, мектептер менен университеттер курулууда. Заманбап техника менен жабдылган ишканалар түзүлүп жатат», — деди өлкө башчысы.

Бирок президенттин пикиринде, Түркмөнстандын ийгиликтери тууралуу башка өлкөлөрдө жетиштүү деңгээлде билишпейт жана аларды жайылтуу маселеси жаңы ыкмаларды талап кылууда.

Бердымухамедовдун айтымында, ондогон, жүздөгөн маалымат агенттиктерин курамына камтыган ири жана абройлуу журналисттик уюмдар менен болгон мамилелерди жөнгө салуу керек. «Түркмөнстан ал уюмдарга мүчө болуу менен дүйнөлүк ММКлар менен тыгыз кызматташууну жолго коюп, алар аркылуу биздин бардык жетишкендиктерибизди чагылдарган материалдарды ыкчам жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», — деди президент.

Аны менен катар өлкө башчысы түркмөн ММКларын кайрадан түзүп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Президенттин пикиринде, Мамлекеттик түркмөн маалымат агенттигинин түзүмүн өзгөртүп, кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек. «Менимче, эгер агенттиктин кызматкерлеринин жарымы чет мамлекеттер үчүн, калганы өзүбүз үчүн маалымат даярдап турса туура болот», — деди Бердымухамедов.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12