Ош шаарынын мэри жаңы окуу жылында жаш мугалимдерге планшеттерди белек кылды
Ош улуттук драма театрында мугалимдердин Август конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы билим берүү тармагынын кызматкерлери, ардагер жана жаш мугалимдер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш адистерди кабыл алуу аземи болду. Анда ардагер мугалимдер насаат сөздөрүн айтышып, жаш адистер ант беришти.
Калаа башчысы жалпы катышуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, сөз сүйлөдү.
“Билим берүү системасынын негизги өзөгү болгон билим сапаты жана мектеп окуучуларына татыктуу тарбия берүү мугалимдердин гана эмес баарыбыздын милдетибиз. Жалпы билим берүүчү мектептердин педагогикалык кадрларга муктаждыгы анча сезилбегени менен жетишсиздик бар экендигин белгилөөгө болот. Жаңы окуу жылына карата 214 мугалимге заявка берилген болсо, 106 адис ишке кабыл алынды”,-деди А.Кадырбаев.
Ошондой эле, жаңы окуу жылына жолдомо алышкан 106 жаш адистин ичинен, атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган 20 адиске А.Кадырбаев баалуу белек катары заманбап үлгүдөгү планшеттерди тапшырды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30