Өзбекстан Үңкүр-Тоону өзүнүкү деп эсептейт
Кыргызстан менен талаштуу болуп жаткан Үңкүр-Тоону өзбекче Унгар-Тепа деп атап, өзбек Ички иштер министрлиги бул тоо Өзбекстанга таандык деп билдирди. Ал эми андагы радио-релейлик станцияда иштеп жаткан жеринен кармалган төрт кыргызстандык жаранды “Өзбекстанда мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн кармалды” деп маалымдады.
Өзбек маалымат каражаттары аталган министрликке таянып кабарлашкандай, Үңкүр-Тоодо кармалган кыргызстандык жарандар Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартылат.
Кыргызстандын чек ара кызматы Өзбекстанда кармалып турган кыргызстандык жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын маалымдоодо. Маалыматка ылайык, 22-августта тик учак менен Үңкүр-Тоого түшүрүлгөн 7 милиция десанты тоодо кала беришүүдө. Ал эми өзбек тарап кармап кеткен радио-релейлик станциянын жумушчулары Өзбекстандын Янгикурган райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турушат.
Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги "Кербен" радио-релейлик станциянын кызматкерлери Абдумиталип Урманов, Урмат Бердалиев, Жеңиш Ташматов жана Нурбек Усупбаевди бошотуу аракетин көрүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









