Москвада жашырын жүргөн кылмышкер Өзбекстанга экстрадицияланды
Москвада кармалган Өзбекстандын 36 жаштагы жараны Садриддин Мухитдинов бир нече жолу кайталанган ири көз боёмочулук иши боюнча сот алдында жооп бериши үчүн мекенине экстрадицияланды. Бул тууралуу СА-News маалымат агенттиги Орусия борборунун прокуратурасына шилтеме кылып жазды.
Өзбекстанда Мухитдинов мекендешинин ишенимине кирип, анын унаасын ижарага алуу боюнча келишим түзүп, бирок анын шарттарын аткарбастан транспорт каражатына ээ болуп калган деп айыпталууда.
Материалда жазылгандай, кийин автоунааны кайрадан каттатуу шылтоосу менен жабырлануучдан 10 миң АКШ доллар алган. Бир айдан соң дагы бир мекендешинен 6 миң доллар карызга алып, кайра кайтарып берген эмес.
«2016-жылдын февралында Мухитдинов Москва полициясы тарабынан кармалган. Москванын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн экстрадициялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Орусиянын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп берүү чечимин кабыл алды», – деп жазылган билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05