KELECHEK
rek

Тажикстанда темир жол курулуп бүттү

Тажикстанда темир жол курулуп бүттү

Дүйшөнбү-Курган-Төбө-Куляб темир жолу бүгүн пайдаланууга берилди. Тажикстан президенти, жарандык коом менен интеллигенция өкүлдөрү, жаштар активисттери Дүйшөнбүнүн темир жол вокзалындагы алгачкы поезд менен Куляб шаарын көздөй жөнөштү.

Тажикстан президенти темир жолдун ачылышы тарыхый мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Өлкө көз карандысыздыктын 25 жылдыгын майрамдоо алдында турганда эң негизги социалдык-экономикалык долбоорлордун бири жүзөгө ашты.

Эгер мурун Дүйшөнбү-Курган-Төбө жолунун узундугу 432 чакырым болсо, эми анын узундугу 119 чакырымга кыскарды. Бул жолдо жалпы узундугу 3643 метрге барабар өтмөк жана жалпы узундугу 683 метр болгон 8 көпүрө салынды. Адисттер трассанын бул тилкесиндеги бир жылдык экономикалык киреше 46 миллион сомонини түзөрүн эсептеп чыгышкан. Муну менен алдыдагы он жыл аралыгында курулушка кеткен чыгымдар кайтарылат деген божомолдор бар.

Тажик бийлиги темир жолдун ачылышы менен Хатлон облусу коммуникациялык жана экономикалык туткундан кутуларына ишенишет. Өзбекстан 2011-жылы Амузанг-Термез аралыгындагы темир жолун алып салгандан кийин Тажикстан товар ташууда көйгөйгө кептелген. Импорттук өнүмдөр бир нече эсеге кымбаттаган.

Аталган темир жол жабылгандан кийин Хатлон облусунун бийлиги бажы төлөмдөрүнүн эсебинен эле аймак жарым жылда 45 миллион доллар чыгымга учураганын жарыялаган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38