Байден: АКШ өнөктөштөрү алдындагы милдеттенмелерден баш тартпайт
Вашингтон НАТО боюнча өнөктөштөрүн коргоо жөнүндөгү милдеттенмелеринен баш тартпайт. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жо Байден Ригада сөз сүйлөп жатып билдирди.
Байден кечээ Эстония, Латвия жана Литваны Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Доналд Трамптын айткандарына көңүл бурбоого чакырды. Мурдараак Трамп эгер АКШ президенти болуп шайланып калса, кол салуу болуп же тышкы коркунуч жаралса НАТОго мүчө өлкөлөрдү коргоо боюнча милдеттенмелеринен баш тартышы мүмкүндүгүн айткан.
Июлда НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери үч Балтика өлкөсү менен Польшанын аймагына куралдуу күчтөрүн жайгаштырууга, ошондой эле аба жана деңиз көзөмөлүн күчөтүүгө макулдугун беришкен.
Байдендин Балтика өлкөлөрүнө болгон сапары 1939-жылдын 23-августунда кол коюлган Молотов-Риббентроп пактысынын кол коюлушунун 77 жылдыгына туура келди. СССР менен Германиянын ортосундагы ал келишимдин негизинде Эстония, Латвия жана Литва 1940-жылы Советтер Союзу тарабынан оккупацияланган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









