
Түндүк Корея суу алдындагы кемеден баллистикалык ракета учурду

Шаршембиде Түндүк Корея суу алдында орун алган кемеден баллистикалык ракетасын учурду. Ракета өлкөнүн чыгыш жээгинде жайгашкан аскер объектисинен Жапония тарапты көздөй кое берилди.
Америка жана Түштүк Кореянын маалыматы боюнча ракета 500 чакырым учуп барып, сууга кулаган. Бул сыноо суу алдында жайгашкан ракеталарды иштеп чыгуудагы жетишкендиктен кабар берерин Reuters агенттигине Түштүк Кореянын өкүлдөрү билдирди. Буга чейинки эки сыноодо ракеталар учпай эле дароо сууга түшүп калышкан болчу.
Түштүк Корея жана Жапония ракета сыноосун айыптады. Жапония премьер-министри Синдзо Абэ Түндүк Корея мындай кадамы менен анын өлкөсүнө коркунуч жаратып жатканын айтты. Сыноо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузуу менен ишке ашты. Документте Пхеньянга баллистикалык ракеталарды иштеп чыгууга тыюу салынган.
Эки күн мурун АКШ жана Түштүк Корея жыл сайын өтүүчү биргелешкен машыгууларын баштаган. Муну Түндүк Корея кол салууга аракет катары баалаган. БУУнун Коопсуздук Кеңешине жолдогон катында Пхеньян эки өлкө Түндүк Кореяга алдын ала эскертүүчү ядролук курал кое берүүгө даярданып жатканын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52