ИМ тобу менен байланыштуу деп шектелген тажик жараны Украинада кармалды
Украина “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна тиешеси бар деген шек менен эл аралык издөөгө алынган Тажикстан жараны кармалганын жарыялады.
Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 39 жаштагы тажик жаранын Киев райондук соту 40 суткага камакка алды. Бул убакыт аралыгында Тажикстандын тиешелүү органдары аны мамлекетке кайтаруу боюнча кайрылуу жөнөтүшү керек.
Тергөөнүн маалыматы боюнча 2013-жылдын ноябрында тажик атуулу Орусияга иштөө үчүн кеткен. Быйыл январда аталган өлкөдөн Түркияга барып, андан ары Сирияга чыгып кеткен. Ал жактан ИМ тобуна кошулган. Шектүү жаран Украинада кармалды.
Маалымдалгандай, Тажикстанда ага карата “Жалданмачылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









