Ошто Улуу Жеңиш майрамы жогорку деңгээлде белгиленди
Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 71 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлде белгиленди. Бул Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, РФнын, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдары, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышты.
Майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен жоокерлердин коштоосунда шаардык мэриянын эски имаратынан бобордук аянтка багыт алуу менен башталды. Андан соң, бардык катышуучулар "Өчпөс от" мэмориалдык комплексине гүл чамбарларды коюушуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.
Калаа башчысы Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.
“ Согуштун каары, азап-тозогу канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 71 жылдан бери Жеңиш майрамы жергебизде салтанаттуу белгиленип келе жатат. Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Бул Улуу Жеңишти алып келген аталарыбыздын Жеңиш майрамындагы чакырыгы, насыяты. Баарыңыздарды аталарыбыздын насыятына, Жеңиштин чакырыгына татыктуу болууга чакырам.
Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк!”,-деди А.Кадырбаев.
Борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 71 жылдык майрамына арналган жогорку окуу жайлардын, мектеп окуучуларынан турган миңге жакын жаштар өзгөчө формаларды кийип салтанаттуу жүрүштөн өттү.
“Согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери, С.Ибраимов, Бабур атындагы драма жана куурчак театрларынын, Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын, "Келечек” балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды
“Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 20 катышуучусу, 46 оруктун ардагери эли-журту менен бирге Жеңиштин 71 жылдыгын майрамдап жатышат”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13