Назарбаев Польшага Орусия менен транспорттук келишим түзүүнү сунуштады
Президент Нурсултан Назарбаев Казакстан, Польша жана Орусия ортосунда транспорт багытында жана кавказ транзиттик коридорун колдонуу боюнча үч тараптуу келишимди иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал Варшавада өткөн бизнес-форум учурунда айтканын "Интерфакс" жана ТАСС агенттиктери маалымдады.
Назарбаев Казакстан менен Польшанын ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоодо транспорт көйгөйү бар экенин билдирди. Эки өлкө ортосундагы каттам Орусия аркылуу гана ишке ашып жатканын кошумчалады. Ал Польша президенти Анджей Дудага Орусияга чогуу кайрылып, кур дегенде транспорт боюнча үч тараптуу келишим иштеп чыгууну баштоо сунушун берди.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Польшага эки күндүк расмий иш сапары менен келген. Эки мамлекеттин 400дөн ашуун ишкерлери катышкан бизнес-форумдан кийин ал Белградка жөнөп кетет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









