Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленди
Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш багында Улуу Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата майрамдык эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Ага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун катышуучулары чакырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, аталган иш-чарага КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Тайирбек Чойбеков, депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоковдор баштаган бир топ жетекчилер катышты. Майрамдык эскерүү кеченин башталышында гимн ойнолуп, согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып, Жеңиш багындагы эстеликке гүл чамбарлар коюлду.
Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин жана иш-чаранын катышуучуларын майрамдары менен куттукташты. Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Тайирбек Чойбеков ардагерлерди Жеңиштин 71 жылдыгы менен куттуктап, сөз сүйлөдү.
- Урматтуу Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары сиздер бизге бүгүнкүдөй жарык жашоо алып келдиңиздер. Бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун. Мындан ары эч качан согуш болбосун. Сиздер дайыма биздин төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер. Көп жашаңыздар,- деди Т. Чойбеков.
Майрамдык иш-чаранын соңунда согуштун ардагерлерине талаа ашкансынан аскердик ботко берилип, концерттик программалар менен улантылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13