Ютубдагы видео тажик дипломатын зордуктоо аракетине айыптоодо
Ютубда Түркмөнстан бийлиги тажик дипломатын өспүрүм кызды зордуктоого айыптап жатат делген видео жарыяланды. Анда кыз университеттин төртүнчү курсунун студенти экенин айтылат.
20-августта ютубда пайда болгон видеодо далил катары Ашхабад менен Дүйшөмбүдөгү тажик дипломаттары делген адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү келтирилген. Анда алар «батирде кыз менен кармалган» Тажикстандын Түркмөнстандагы үчүнчү катчысынын абалын талкуулашкан. Тасманын түркмөндөрдүн «Ватан» мамлекеттик телеканалынын берүүсү катары даярдалганы менен, булактардын маалыматы боюнча ал эфирге берилген эмес жана видеодогу алып баруучунун үнү өзгөртүлгөн.
Андагы тажик дипломаттары деп аталган адамдардын сөздөрүнө караганда окуя июнда болуп, Дүйшөмбү Тажикстандын Түркмөнстандагы элчиси Махмудджан Рахимовду чакырып алган. Бул Рахимов Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жарлыгы менен ушул жылдын июнунда кызматтан алынган маалга туура келет. Анда себеп катары «элчинин пенсиялык куракка жеткени» айтылган. Андан бери Тажикстан Түркмөнстанга жаңы элчи жөнөтө элек.
Ошондой эле ал видеодо 2015-жылдагы окуя жөнүндө да айтылган. Анда тажик дипломаттарынын унаасынан маңзаты табылып, тараптар өз ара «тынч» чечишип алышкан. Бул жолкусунда да ошондой болмок, бирок тажик тарап маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүнө жол берип, ал чет өлкөдөгү оппозициячыл топтордун колуна тийген деп билдирилүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05