
Талибдер тажик экспортунун жолун бууду

Кундуз провинциясындагы Олчин көпүрөсүнүн талкаланышы Тажикстан менен Ооганстандын автоунаа байланышын үздү. Провинция жетекчилиги күн сайын Тажикстандан чыккан жүздөн ашык жүк унаалары Кундузга цемент жана айыл чарба азыктарын жеткирип келгенин билдирди.
Кундуздун губернаторунун басма сөз катчысы Неъматуллох Темур «Азаттыктын» тажик кызматына «көпүрө стратегиялык мааниге ээ экенин» жана анын талкаланышы Кабулдун Тахор жана Бадахшан провинциялары менен болгон байланышын да үзгөнүн айтты.
Ошондой эле Кундуз провинциясынын өкүлү Тажикстан аймакты цемент менен камсыз кылып келгенин айтты. «Мурда бул базарды Пакистан көзөмөлдөчү. Көпүрөнүн бузулушу ири ооган провинциясын Пакистан продукциясына андан да көбүрөөк муктаж кылып коет», - деп белгиледи Неъматуллохи Темур.
Кундуз провинциясындагы Олчин көпүрөсү 21-августка караган түнкү жардыруудан талкаланган. Ооганстан аны Талибандан көрүүдө. Неъматуллохи Темурдун пикиринде, Талибан эки жолку ийгиликсиз аракеттен кийин акыры ал көпүрөнү талкалады жана эми Тажикстан менен чектешкен Имам Сохиб жана Дашти Арчи ооган райондору талибдердин курчоосунда калды.
Ал «талибдерди аталган райондордон сүрүп чыгаруу максатында атайын операция өткөрүп, жакынкы убактарда автоунаа байланышын калыбына келтирүү чечими кабыл алынганын» айтты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52