Президент А.Атамбаев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз эл акыны С. Эралиевден кабар алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 7-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоо алдында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевден кабар алып, Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы, ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап бекем ден-соолук, узун өмүр каалады.
«Кыргыз эл жазуучулар жөнүндө сөз болгондо мен, биринчи ирет Сүйүнбай Эралиевди эстейм. Аксакал ар дайым чындыкты түз айтып, баардыгын өз аты менен атайт. Сиз менен болгон көптөгөн маяктерден чыккан кеңештериңиз менин өмүрлүк жолумда күч болуп, тагдырдын соккуларына туруштук берүүгө жардам берет», - деди Алмазбек Атамбаев.
Президент белгилегендей, Улуу Жеңиш күнү кыргызстандыктар үчүн түбөлүк мааниге ээ болуп, келечекте да өзгөчөлүгүн жоготпойт.
«Бул биздин ардагер ата-бабаларыбызга, өлкөнү бутуна тургузуп, аны коргогон муунга болгон урмат-сыйыбыз. Тарыхыбыздын эң оор учурунда силер азыр биз сыймыктанып жашаган жерибиздин пайдубалын түптөгөнсүз», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Сүйүнбай Эралиев Президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөткөн урматына жана колдоосуна ыраазычылык билдирди.
«Акыркы жылдары өлкөдө көптөгөн жетишкендиктер болду. Бирок баштаганды үзгүлтүккө учуратпай улантыш керек. Кыргыз элинин өлкөгө болгон ишеничи арзыды. Сизге жана калайык калкка көптөгөн ийгиликтерди, бейпил жашоо жана бакубатчылык каалайм», - деди Сүйүнбай Эралиев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13