KELECHEK
rek

АКШ жана Түштүк Корея аскердик машыгууларын баштады

АКШ жана Түштүк Корея аскердик машыгууларын баштады

Кошмо Штаттар менен Түштүк Корея 22-августта жыл сайын өтүүчү аскердик машыгууларын баштады. Бул сапар Ulchi Freedom Guardian (UFG) окуусуна 25 миң америкалык жана 50 миң түштүк кореялык аскер кызматкери катышууда. Машыгуу 2-сентябрга чейин болот.

Корея республикасынын президенти Пак Кын Хе “Түндүк Кореядагы режим жарака пайда кылып жатат жана ал жакта баш аламандык болушу мүмкүн” деп билдирди. Ал тополоңдун алдын алуу үчүн Пхеньян Түштүк Корея коомчулугуна ар кыл чагымдар, анын ичинде кибер чабуулдар менен дүрбөлөң салуусу мүмкүн экенин кошумчалаган.

Түндүк Кореянын аскерлери эгер Сеул жана Вашингтон кандайдыр бир агрессия көрсөтсө, алардан озунуп ядролук курал колдонорун айтып опузалаган. Пхеньян мындай коркутууларды тез-тез жасап турат.

Аскердик машыгуулардан бир нече күн мурун Сеул Түндүк Кореянын Лондондогу элчилигинде иштеген жогорку кызматтагы дипломаты Түштүк Кореяга качып барганын кабарлаган. Дезертир Пхеньяндан көңүлү калганын айткан. Түндүк Кореянын мамлекеттик ММКлары дипломатты “жүзү кара жана кылмышкер” деп атаган.

Түндүк Корея январда төртүнчү жолу ядролук сыноосун өткөрүп, февралда алыска учуучу ракетасын кое берген. Буга каршы БУУ санкцияларын катаалдаштырган. Ага Пхеньян жаңы баллистикалык ракеталарды кое берүү менен жооп кайтарган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02