Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда иш сапар менен болду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 6-майда, Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кезарт жана Чалдыбар айылдарына барып, 3-майда орун алган селден жабыркаган турак-жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Алынган маалыматка караганда, Өкмөт башчыга учурдагы абал жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Аксы районундагы селдин кесепетинен 50 турак-жай ар-кыл деңгээлдеги кыйроолорго учураган, анын ичинде 31 турак-жайдын тургундары көчүрүүгө муктаж, ал эми эки үй авариялык абалда жана жашоого жараксыз деп табылган. Мындан тышкары, 192 баш мал кырылган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында 1700 литр дизелдик отун, 12 тонна цемент бөлүнгөн. Буга катар жабыркаган жарандарга 14 он орундуу чатыр бөлүнгөн. Алты айыл округунда орун алган жаратылыш кырсыгынын саркындаларын жоюу иретинде 10 даана атайы техника иш алып барууда. Жаратылыш кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.
Премьер-министр менен жолугушуу учурунда жабыркаган тургундар турак-жай үчүн жер-тилкелерин жана ссудаларды бөлүү маселесин тездетүүнү өтүндү. Ошондой эле айыл тургундары пенсия жана жөлөкпулдарды өз убактысында төлөп берүү маселесин көтөрүштү.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүү максатында алар көзөмөлгө алынып, пенсия жана социалдык жөлөкпулдар өз убактысында берилет.
Өкмөт башчы белгилегендей, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсык болгон аймакта болуп, иштин жүрүшүн көзөмөлдөйт, ал эми жабыркагандарга көмөк көрсөтүү жана селдин кесепеттерин тез арада жоюу үчүн тийиштүү күч жана каражаттар жумшалат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Аксы районуна болгон жумушчу сапарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева жана Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдер коштоп жүрүшөт.
Ал эми 7-майда, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болуп, Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу ишинин жүрүшү менен жеринен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18