Кара-Көл шаарында Жалал-Абад жана Талас жаштарынын жолугушуусу өттү (ФОТО)
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык маарекесине, “Тарых жана маданият” жылына карата Ички иштер министрилигинин иш мерчемдерине ылайык, 2016-жылдын 20-август күнү “Мекеним менин – Кыргызстан" долбоорунун алкагында Кара-Көл шаарында Жалал-Абад жана Талас облусунан келген жаштардын ортосундагы ынтымак-достукту чыңдоо максатында “Ынтымагы бар элдин-ырыскысы кенен”- деп аталган практикалык тегерек стол форматында жолугушуу болуп өттү.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, дубандардын жолугушуусун Кара-Көл ШИИБнүн жетекчилиги демилге көтөрүп, жергиликтүү бийлик колдоого алган. Шаардык мэриянын чоң залында өткөн жыйынга калктын калың катмарынан жалпы 300дөн ашуун адам катышып, алардын арасында Кара-Көл шаарынын мэри Ильяс Эркеев, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Джоробеков, Талас облусунан келген жаштар, аялдар, дин өкүлдөрү, коомдук уюмдар, ИИМдин ардагерлери, Талас жана Жалал-Абад, Кара-Көл аймагындагы милиция кызматкерлери жана жергиликтүү активдин катышуусунда 2 саатка созулган чоң республикалык жыйын болду.
Бул жыныды уюштуруунун максаты – жаштар жана окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жолугушуу аркылуу региондордогу жаштардын башын кошуу, алардын ортосундагы достукту, ынтымакты чындоо, мекенчилдикке жана патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.
Ошону менен катар жолугушууда жаштарды туура жолго үндөө, динний экстремисстик уюмдарга жаштардын азгырылбоосу, региондогу жаштардын өз ара тажрыйба, байланышын бекемдөө аркылуу аларга шарттарды түзүп берүү менен бирге бир топ сунуштар, көйгөйлөр ортого салынды. Мындай демилгени башка облус райондордо да өткөрүп берүүнү жаштар коомчулугунан демилгеленип “Ынтымак кербени” аталыштагы көчмө жыйындар, жолугушуулар, конференцияларды башка аймактарда да эстафета катары өткөрүлөөрү аныкталды.
Жалал-Абад жаштар коомунун мүчөлөрү белгилеп кеткендей облустук милициянын кылмыштуулукту алдын алууда, жарандар менен өз ара мамилени арттырууда буга чейинки жасаган иштерине токтолуп өтүштү.
Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж. Джоробеков жаштардын жаңыча кенен маалыматтуу, интеллектуалдык заманбап ой жүгүртүүсү жогору экендигине токтолду жана коомубуздун коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүү өнүгүсүүнө жаштарга туура тарбия берүү, жоопкерчилигин жогорулатуу, аларга көңүл буруу учур талабы экендигине басым жасады. Мындай иш-чараны алдыңкы тажрыйба катары баалап бөлөк райондордон да ИИОнын жетекчилик курамы да күбө болушту.
Эки облустун жолугушуусу спорттук мелдештер менен жыйынтыкталды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41