KELECHEK
rek

Назарбаев жер кодексине киргизилген мораторий мөөнөтүн дагы беш жылга узартты

Назарбаев жер кодексине киргизилген мораторий мөөнөтүн дагы беш жылга узартты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев айыл чарба жерлерин менчиктештирүүгө жана чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө ижарага берүүгө тыюу салган мораторийдин мөөнөтүн 2021-жылдын декабрына чейин узартты.

Казакстан президентинин администрациясынан кабарлашкандай, мындай чечим 18-майда кабыл алынган. Андан беш күн мурун жер реформасы боюнча комиссия мораторийди дагы беш жылга узартуу сунушун берген.

Майдын башында Назарбаев айыл чарба жерлерин менчиктештирүү боюнча кабыл алынган өкмөттүн талаштуу планын 2017-жылга жылдырып, жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү тапшырган. Мындай бүтүмгө келүүгө Казакстан шаарларында өткөн массалык нааразылык акциялары себеп болгон.

Митингге катышкандардын көпчүлүгү чет өлкөлүктөрдүн айыл чарба жерлерине ээлик кылуусуна каршы чыгышкан.

Мындан тышкары жерлерди сатуу боюнча аукциондор таза өтөрүнө күмөн санашып, жыйынтыгында нагыз дыйкандар эмес, бизнес-элита өкүлдөрү ири талааларга ээлик кылат деп кооптонушкан.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53