Орусиянын депортация борборундагы мигранттар ачкачылык акциясын өткөрүштү
Орусиянын Приморск крайындагы мигранттар тобу өлкөдөн чыгаруу жараянын создуктуруп, депортация борборунда күттүрүп жаткандарга нааразылыгын билдирүү үчүн төрт күндүк ачкачылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу жума күнү «Интерфакс—Казахстан» маалымат агенттиги билдирди.
Жергиликтүү коомдук байкоочу комиссиянын маалыматы боюнча, шаардагы депортациялык борбордо жүздөгөн кишилер кезегин күтүп жатат, алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Украина жана Кытайдын жарандары бар.
Байкоочу комиссиянын төрагасынын орун басары Александр Смышляев борбордон жамааттык даттануу келип түшкөнүн, ага жүзгө жакын адам кол койгонун билдирди. Айтымында, ачкачылык жарыялоо акциясына 20 киши катышкан, бирок комиссия өкүлдөрү борборго баргандан кийин ал аягына чыккан.
«Марттан бери депортацияланышын күтүп жаткан адамдар бар. Алардын айтымдарында, акыркы үч айдын ичинде эч ким үйүнө кеткен эмес», — деди Смышляев.
Ал борбор адамдарга ашыкча толгонун жана алар андагы шарттарга даттанышканын кошумчалады. Борбордо төшөнчү, шейшеп, дары-дармек, жетишпейт, кызматкерлердин аздыгынан улам алар сейилдөөгө чыгарылбайт, деди Смышляев. Анын айтымында, депортация борборунда 65 киши болушу керек болсо, учурда анда кеминде 107 киши кармалып турат. Алардын төртөөсү аялдар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









