
Орусия Алеппого 48 сааттык тынчтык орнотууга макул болду

Орусия 18-август күнү интернетте авиасоккулардан кийин жаракат алган баланын видеосу тарагандан соң Сириянын курчоодогу Алеппо шаарында 48 сааттык убактылуу тынчтык орнотууга макул болду.
Тез жардам кызматынын унаасында отурган сабыры суз, жүдөгөн, бетиндеги кан катып калган баланын видеосу Алепподогу азапты көрсөтүп турат.
Эл аралык коомчулукту бул видео кайдыгер калтырган жок. Былтыр Түркияда деңиз жээгине сүрүлүп чыккан сириялык кичинекей баланын сүрөтүнө кандай реакция жасалса, кудум ошондой таасир берди.
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби Алепподогу бала тууралуу сүйлөп жатып «анын жашоосунда бир дагы күн согушсуз, кыйроолорсуз, өлүмсүз өтпөгөнүн» айтты.
Кийинки аптада күтүлүп жаткан убактылуу тынчтык Алеппого гуманитардык жүктөрдү жеткирүүгө мүмкүндүк берип, кийин болчу элдешүүлөр үчүн «пилоттук долбоор» болуп калат, деп билдирди бейшемби күнү кечинде орусиялык генерал Игорь Конашенков. Ал Орусия гуманитардык кербендер «өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүндөгү аймактар аркылуу» Алеппого өтсө алардын коопсуздугун азыр деле камсыз кылууга даяр экенин айтты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02