KELECHEK
rek

БУУ Сириядагы гуманитардык миссиясын убактылуу токтотту

БУУ Сириядагы гуманитардык миссиясын убактылуу токтотту

Согуштук аракеттер күчөп кеткендиктен улам бүгүн Бириккен Улуттар Уюму Сириядагы гуманитардык миссиясынын ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди.

Анын айтымында, августта гуманитардык жардам кербенинин бири да өлкөнүн курчоого алынган райондоруна, анын ичинде Алеппого да жеткен эмес.

Мистура гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн кайрадан 48 сааттык тыныгуу киргизүүгө чакырды. Ал тынчтыкка жетишүү үчүн АКШ менен Орусия көп аракет көрүүгө тийиш экенин белгиледи. Буга чейин орус бийлиги бир тараптуу негизде Алепподогу ок атууларды күнүнө үч саатка токтотууга даяр экенин билдирген. БУУдан шаардагы бардык муктаждарга жардам берүү үчүн Орусия сунуштаган үч сааттык тыныгуунун жетишсиз экенин белгилешкен. Кийинки жумада Сирияга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү боюнча максаттуу топтун жолугушуусу болот.

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Сирияга жүздөн ашык гуманитардык кербен жөнөтүлгөн. Анда дээрлик 600 миң киши өлкөнүн курчалган райондорунда күн кечиришүүдө. Аларга тамак-аш жана дары-дармектерди жеткирүү кыйла оор болууда.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52