Быйыл дагы өлкөдөгү 600 мектеп интернетсиз калышы мүмкүн
Кыргызстандын провайдерлери 600 мектепти интернетке туташтыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин тендерине катышууга билдирме беришкен жок. Бул тууралуу министрлик башчысы Эльвира Сариева Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал өлкөдөгү 600 мектепти интернетке туташтыруу үчүн республикалык бюджеттен 163 миллион 600 миң сом каражат бөлүнгөнүн билдирди. Сариева Билим берүү министрлиги быйыл жайында тиешелүү тендер жарыялаганын кошумчалады. Бирок ага катышууга «Кыргызтелеком» акционердик коому гана билдирме жөнөтүп, анын сунуштаган баасы ал максаттар үчүн каралган суммадан ашып кеткен.
«1-сентябрга карата ал мектептерди зымсыз интернетке туташтыра ала турган жеке провайдерлер кандайдыр бир себептер менен тендерге катышпоону чечишкен... Анан да бизге «мамлекет менен байланыш түзүүнү каалабай тургандыктарын» билдиришти… Уксаңар, инфраструктуралык маселелер менен алектенүү Билим берүү министрлигинин иши эмес. Өзүңөрдүн тар багыттагы пландарыңарды кое туруп, учурда өлкөбүздүн ⅙ бөлүгүнүн мектепте экени тууралуу ойлогула, алар эртең эле бүтүндөй Кыргызстандын негизги кыймылдаткыч күчү болушат», - деп жазды Сариева.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30
Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө
Каракалпакстандын Нукус районунда нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 10:32