Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн чемпиону” аталды
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад Динамо командасы “Кыргызстандын Кубогу - 2016” мелдешинде утуп, “Өлкөнүн чемпиону” аталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, кубок үчүн командалар 2 тайпага бөлүнүп таймашты. Ал эми 4-5-май күндөрү тайпалык оюндар орун алса, жарым финал жана финал 6-майда өткөрүлдү. "А" тайпасында: "Химик" (Сузак), SRT (Ош), "Динамо" (Жалал-Абад), “В” тайпасында: “Баткен сити" (Бишкек) "Талас-Наше" (Талас), "Баткен"-СОБР (Баткен) командалары ойношту.
Кыргызстандын кубогуна република боюнча региондордон 6 команда катышып, мелдеш Жалал-Абад шаарында 3 күнгө созулду.
Акыркы оюндун жүрүшүндө SRT Ош жана Жалал-Абад Динамо командасы 1-орунга ат салышып, 1:2 эсебинде Жалал-Абад Динамо футболдук командасы жеңишке жетишип, 1-орунду ээлеп “Кыргызстандын Кубогуна” ээ болушту. Ал эми Ош SRT 2-орунду, “Талас-Наше” жана Баткен СОБР 3-орунду камсыздашты.
Кыргызстан футзал лигасынын президенти Рыскелди Мусаевдин билдиришинче, футзал боюнча мелдештердин максаты, жер-жерлерде футбол оюнун көрсөтүп жаштарды спортко чакырып, командалар арасынан мыктыларын тандап, жети дубандан Кыргызстандын курама командасын курап, дүйнөлүк аренага чыгаруу болуп саналат . Ошондой эле, спортко кошкон зор салымы үчүн Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Джоробековго да Ардак грамота берилип, футзал лигасынын президенти тарабынан сыйланды.
Кыргызстандын кубогунда: “Мыкты дарбазачы” - Ермолов Кирилл-Динамо Жалал-Абад, “Мыкты оюнчу”- Гафуров Руслан- SRTОш, “Мыкты бомбардир” - Алимов Максат- Динамо Жалал-Абаддын спортчулары табылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23