KELECHEK
rek

“Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси жаңы техникага ээ болушту

“Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси жаңы техникага ээ болушту

“Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси 2 миллион 614 миң 400 сомго  таштанды ташуучу  техника алышты. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов билдирди.

- Аталган мекемеге биз жергиликтүү бюджеттен 443 миң сом бөлүп бердик. Себеби тазалык ишканасынын техникаларынын айрымдарынын эскилиги жеткен болчу. Эми мындан ары аталган мекеменин ишинде жеңилдиктер болот. Себеби, жаңы алынган таштанды ташуучу автоунаа таштандыны өзү алып, жүктөйт,- дейт мэр С. Авазов.

Ал эми аталган мекеменин юристи Медербек Абдраимовдун айтымында, өткөн жылдын ушул жылына салыштырмалуу абоненттерден  1 миллион 692 миң 121 сом көп чогулган. Мунун негизги себеби, мурда карызын төлөбөй жүргөн абоненттерге карыздарын төлөтүү ошондой эле абоненттердин санынын көбөйүүсү себеп болду.

“2016-жылдын январь айында мекемеге 1 миллион 298 миң сом калдык акча өткөн, ошол акчаларга кошумча  жергиликтүү бюджеттен 443 миң сом каралып, ошонун негизинде бүгүнкүдөй заманбап техникага ээ болуп олтурабыз. Мындан ары ишибиз дагы да алга жылат деген ойдобуз. Андан сырткары долбоордун негизинде 9 миллион 400 миң сомго эки таштанды ташуучу автоунаа жана 200 даана таштанды таштоочу урна алуу алдында турабыз. Биз долбоордон утканыбыз үчүн булар бизге акысыз эле берилет. Буйруса ага да саналуу күндөр калды”,-дейт М.Абдраимов.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38