Жалал-Абад мэриясы менен Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондусу өз ара кызматташтыкта иштешет(ФОТО)
Эми Жалал-Абад мэриясы менен Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондусу өз ара кызматташтыкты чыңдай беришмекчи. Бул тууралуу эки тараптуу кызматташуу боюнча өз ара меморандумга кол коюу учурунда белгилүү болду.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондусунун башкармасынын жетекчисинин орун басары Владимир Некрасов эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул иш-чарага шаардык мэриянын, коомчулуктун жана аталган Фонддун өкүлдөрү катышты.
Жалал-Абад шаарынын мэри бул эки тараптуу кызматташуу шаар үчүн өзүнүн жемишин берерин, азыртан эле ар кандай өнүктүрүү долбоорлору Фондго берилип жатканын билдирди.
Ал эми Фонддун өкүлү В. Некрасов аймактардан ар кандай долбоорлор түшүп жатканын, алардын саны 415ке жетип, анын ичиенен 74 долбоор Жалал-Абад облусунун аймагына тиешелүү экенин билдирди. Ошондой эле ал каржылоодогу үстөк пайыздарынын төмөндөтүлүп, 4 пайызга түшкөнүн, ал эми Жалал-Абад шаарынын ишкерлери, бийликтери Фонд менен кызматташууда активдүүлүктү көрсөтүп жатышканын баса белгилеп кетти.
- Биз кызыктуу, аймактарды өнүктүрүүчү олуттуу долбоорлорду каржылоого даярбыз. Бизге сунуш-талаптар көп түшүп жатат, анын ичинен Жалал-Абад аймагынан да көп. Мунун өзү аймактагы ишкердиктин активдүү экендигин белгилеп турат, - деди В. Некрасов.
Бул иш-чарага катышкандар Фонддун өкүлүнө бир катар суроолор менен кайрылышып, тийиштүү жоопторду алышты.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын жана Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы бул Фондду түзүү боюнча келишимге 2014-жылдын 24-ноябрында кол коюлган. Ал эми Фонддун ачылышы 2015-жылдын 5-ноябрында жүз берген. Бүгүнкү күнгө карата 118 миллион долларлык нарктагы 333 долбоор жактырылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38