Жалал-Абадда айрым объекттерге жаңы ысымдар берилди
Жалал-Абад шаардык кеңешинде өткөн кезексиз сессияда негизги маселеден тышкары депутаттар айрым объекттерге жаңы ысымдарды ыйгарышты. Бул тууралуу шаардык кеңештин аппаратынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп, анда негизинен участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү талкууланды. Андан соң, депутаттар шаардагы айрым объекттерге жаңы ысымдарды ыйгаруу маселесин талкуулашты.
Имараты жаңыдан курулуп жаткан №6 орто мектебине мурда шаарда көп жыл иштеп, билим берүү тармагына эмгеги сиңген маркум Чырмаш Доороновдун, №19 орто мектебине Ыманалы Сатыбаевдин ысымы ыйгарылды. Мындан сырткары, “Достук”, Чыңгыз Айтматов, Тайгараев аймактык башкармалыктарындагы бир катар көчөлөргө да жаңы ысымдар ыйгарылды.
Талкуу учурунда депутаттар арасында бул маселеде кызуу талаш-тартыштар пайда болуп, өз ара кайым-айтышууларга чейин барышты. Ал эми кезексиз сессиянын жыйынын шаардык кеңештин төрагасы эс алууда болгондуктан, анын орун басарлары алып барышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13