Жалал-Абад шаардык бийлиги Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине сый-тамак уюштурду
Жалал-Абад шаардык мэриясы менен шаардык кеңеш тарабынан Улуу Ата-Мекендик согуштун шаардагы 25 ардагерине сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ардагерлерге сый тамак берүү аземине депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактибек Анаркуловдор катышты.
Депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков менен вице-мэр Турдалы Темирбаев Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын 9- Май - Жеңиш майрамы менен куттуктап, ардагерлерге бекем ден-соолук, узун өмүр каалашты.
- Урматтуу, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, аталар, апалар сиздерди алдыда келе жаткан жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Биз сиздерге канча сый көрсөтсөк да аздык кылат. Сиздер дайыма аман болуңуздар. Сый үстүндө жүрүңүздөр. Бүгүн сиздерге шаардык мэрия жана депутаттардын шаардык кеңеши тарабынан сиздерге атайын сый тамак уюштурдук. Дагы бир ирет майрамыңыздар кут болсун, -деди Э. Ормоков.
Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан ар бир ардагерге 1000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ардагерлерге сый тамак берилип жаткан учурда маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программалар да тартууланды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18