KELECHEK
rek

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрүү чаралары күчөтүлмөкчү

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрүү чаралары күчөтүлмөкчү

Жалал-Абад шаарынын бийликтери шаар аймагында туризм тармагын күчөтүү жана шаар имиджин жакшыртуу аркылуу инвестицияларды тартып келүүнү арттыруу боюнча комплекстүү чараларды күчөтүшмөкчү. Буга карата шаар мэриясында туризмди өнүктүрүү боюнча координциялык кеңеш  түзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, координациялык кеңеш 16 кишиден туруп, ага тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, мэриянын жооптуу кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү кирген жана аны шаар мэринин биринчи орун басары жетектейт. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин Жобосу кабыл алынып, ал мэриянын токтому менен бекитилди.

Шаар мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымында, шаарда туризмди өнүктүрүүнүн резервдери көп.

- Жалал-Абад шаары - өлкөнүн аймагында да, чет жакта да кызыгууну туудурган таанымал аймак. Шаарда чет жактарга таанымал санаторий жайгашкан. Акыркы кездерде туристтик инфраструктуралар чыңдалып баратат. Эгер биз ушул тармакты жакшылап колго алсак, шаардын экономикасын, маданиятын кыйла өнүктүрүп алат элек,  - дейт ал.

Эми түзүлгөн координациялык кеңештин мүчөлөрү бул тармакты өнүктүрүүнүн ийкемдүү долбоорлорун жана багыттарын иштеп чыгууга сунуштарды даярдоо максатында аракет кылышмакчы.     

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13