
"Боко Харам" террорчуларды барымтадагы окуучуларга алмаштыруу ниетинде

Нигерияда "Боко Харам" исламчыл экстремисттер эки жыл мурун уурдалып кеткен мектеп окуучуларынын видео тасмасын таркатты. Согушкерлер топтун камактагы мүчөлөрүн барымтадагы кыздарга айырбаштоону талап кылууда. Бул тууралуу ВВС маалымдоодо.
"Боко Харам" жоочулары 2014-жылы Нигериянын Чибок шаарында 300дөй окуучуну барымтага алышкан. Топтун лидеринин айтымында, кыздар исламга кайткан. Айрымдары туткундан качып кетүүгө үлгүргөн. Уурдалган кыздарды издөөгө АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөр катышкан. Социалдык түйүндөрдө жана дүйнө ММКларында #BringBackOurGirls (Биздин кыздарды кайтарып бергиле) аттуу кампаниялар өткөн. Иш-чараны АКШнын биринчи канайымы Мишель Обама, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана башкалар колдогон.
"Боко Харам" тобу БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террордук уюмдар тизмесине киргизилген. Анын мүчөлөрү Нигерияда шариатты киргизүүгө далалат кылууда. 2015-жылы “Боко Харам” “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна берилгендигин билдирип, ант берген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52