KELECHEK
rek

БУУ Крым менен бирге Украинанын аймактык бүтүндүгүн ырастады

БУУ Крым менен бирге Украинанын аймактык бүтүндүгүн ырастады

БУУнун Коопсуздук кеңеши Крымды кошуп, Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча өз позициясын ырастады. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко билдиргенин «112 Украина» кабарлады. Анын айтымында, мындай көз карашты Орусиянын өкүлдөрү гана колдошкон жок.

«Биз Крымды кошуп, Украинанын аймактык бүтүндүгү жана көз карандысыздыгын сыйлоо боюнча эч шектенүүсүз жана эч кандай талаш-тартышсыз күчтүү позицияны ырастап бергени үчүн Коопсуздук кеңешине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Албетте, бирок бир өлкө мындай көз карашты колдогон жок», - деди Ельченко.

«Эгер алардын Украина Крымга каршы теракт жасоо аракетин көргөн деген айыптоолору чын болсо анда далилдери, сүрөт-видеолору кана? Болгону курулай сөздөр гана айтылууда», - деп билдирди Ельченко. Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинанын өтүнүчү менен чакырылган жыйында Крымдагы чыңалуу маселесин жабык эшик артында караган.

Орусия менен Украинанын ортосундагы мамилелер күн мурун, ФСБ Крымда украин чалгындоо кызматкерлери делген «диверсанттар» кармалганын билдирген соң кескин курчуп кеткен. Анда эки орусиялык офицер каза болгону айтылган.

Орусия президенти Владимир Путин Украина бийлиги террорго өткөнүн билдирип, Донбасстагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелери боюнча «норманд форматында» жолугушуу өткөрүүнү «маанисиз» деп атаган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52